Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Дүйшөмбү - Ташкен аба каттамдары саясий оюнга айланбайбы?


Тажик-өзбек мамлекеттик аба кызматтары мындан 17 жыл мурда токтоп калган Дүйшөмбү – Ташкен аба каттамдарын жандантууга макул болушту. “Тажик эйр” мекемеси каттамдар ушул айдын ичинде башталарын билдирди.

Ошентсе да ар кыл чөйрөдө аба каттамдарын жаңыртуу – башка маселелерди чечип алуу үчүн жасалган айлакерлик экенин, ал маселелер чечилген соң өзбек тарап аба каттамдарын кайрадан жаап саларын эскертишүүдө.

Совет доорунда миңдеген өзбек-тажик аралашма үйбүлөлөрү пайда болуп, тууган-туушкандар бири-бирине кыйла ээн-эркин каттап келишкен. 1990-жылдардан кийин эки өлкө эгемендигин алышып, өз алдынча саясат жүргүзө башташты. Кийинчерээк Өзбекстанда тажик тарапка өтө качып турган исламчыл күчтөр пайда болуп, президент Ислам Каримов катаал визалык режим киргизген. Аны менен катар Ташкен – Дүйшөмбү аба каттамдары токтоп калган. Эки өлкө 2000-жылы аба каттамдарын жаңыртууга макул болушканы менен бир жолку учуудан кийин өзбек тарап кайрадан келишимди жокко чыгарып, каттамдар үзгүлтүккө учураган.

Эми кайрадан эки өлкө аба каттамдарын жандантууга макул болушту. “Тажик эйр” мекемесинин өкүлү Назира Давлатова “Азаттыктын” тажик кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, каттамдар ушул айда башталарын, тажик тарап Ташкенден тышкары Өзбекстандын Бухара жана Самаркан шаарларына аба каттамдарын ачууга ниети бар экенин билдирди:

- Азыркы тапта “Тажик эйр” компаниясы Ташкен шаарында кесиптештери менен сүйлөшкөн маселелердин үстүндө иштеп жатышат. Мына ошол майда-барат иштер бүткөндөн кийин Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдар иштей баштайт.

Ошентсе да тажик-өзбек маселесин иликтеп келатышкан талдоочулар аба каттамдары жөн жерден эле жандана бербесин, оболу бул жерде саясий, экономикалык жана жеке кызыкчылыктар бар экенин, Өзбекстан мындай чечимин эртең эле өзгөртүп жибериши ыктымалдыгын баса белгилешет.

Ташкендик саясат талдоочу Ташпулат Юлдашевдин айтымында, өзбек бийлигинин эртең кандай чечим чыгарып жиберери табышмак. “Тышкы саясаттабы же ичкидеби өз чечимин тез-тез өзгөртүп турган ырасмий Ташкен эртең эле чалкасынан кетиши мүмкүн”,- дейт ал:

- Кала берсе Өзбекстанда дагы көптөгөн жарандар президент Ислам Каримовдун коңшу өлкөлөргө басым жасоого багытталган саясатын сынга ала башташты. Өзбек бийлиги ырасмий Тажикстандан жаңы ГЭСтерди куруу демилгелерин кайра карап чыгууну талап кылышууда. Менимче Өзбекстан Кыргызстанды көрүп алып деле ичи күйүп атат. Анткени Кыргызстан Өзбекстанга караганда батыраак алдыга кетип баратат. Тажикстан деле тез өнүгүп атат. Ташкен мунусун такыр эле жашыра албай атат. Менимче мындай саясат жакшылыкка алып барбайт.

Ошентип айрым чөйрөлөрдө Өзбекстан коңшу Тажикстан менен аба каттамдарын жөнгө салуу менен жөн гана айлакерлик кылып жатканы, коңшулары менен болгон суу чатагы өз пайдасына чечилсе дароо турумун өзгөртүшү мүмкүн экени айтылууда. Кандай болгон күндө да суу ресурстары колдо турган Кыргызстан менен Тажикстан бул талашта ыңгайлуу абалда экенин, андыктан өзбек бийлиги коңшуларынын кызыкчылыгын да эске алууга аргасыз болорун баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG