Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Талас: Тил буумай башталды


Таласта көчө акциясына чыккан оппозициялык кыймылдын мүчөсүн милиция кызматкерлери кармап, колун толгоп, камаганы алып кетип жатышат. 2009-жыл, 18-июнь.
Таласта көчө акциясына чыккан оппозициялык кыймылдын мүчөсүн милиция кызматкерлери кармап, колун толгоп, камаганы алып кетип жатышат. 2009-жыл, 18-июнь.

Таласта 17- мартта Бишкекте болгон Элдик курултайга барып, бийликке каршы сүйлөгөн адамдарды жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери кысымга ала баштаганын оппозиция өкүлдөрү билдирди. Талас шаарынын прокурору мындай билдирүүнү негизсиз жалган маалымат деп четке какты.

Нооруз майрамынан кийин 22- мартта «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Асыл Мамырованын үйүнө беш милиция кызматкери келип, аны Талас шаардык прокурорго алып барышкан.

- Милиция келип эшигимдин алдына машине токтоп, бир эле милиция эмес бир нече да,-деп айтып берди Асыл Мамырова. - Аны балам көрүп коркуп, кошуналарым болсо дарбазаларынан баштарын эле чыгарып, азыркы бийликтен коркуп бүтүшпөдүбү, бир нерсе болсо эле милицияга алып кетет деп. Шаардык прокурорго алып барышты. Алар 22 - мартта кызуу иштеп жатышкан экен майрам күнүнө карабастан. «Эртең Таласта бир нерсе болгон жатабы?» деп түшүнүк жазып берүүмдү талап кылды. Мен «кыла элек кылмышыма жазып бере албайм» деп жазып берген жокмун. Президентибиз өзү каткырып жатпайбы «мен эчтекени билбептирмин, прокуратуранын ишине мени аралаштырбагыла деп. Демек биздин Президентибиз ушундай элинин кордолуп, сабалып, камалып жатканына аралашкысы келбегенин түшүнсө болот.

Ушундай эле көрүнүш облустун башка райондорунда да болгон. Бакай-Ата районунун тургуну Рыскулбек Жанкорозовго райондук прокурор ага митинг, пикеттерге чыкпай турган тууралуу эскертүү кагазын тапшырган. Жанкорозов ал эскертүүгө кол койбой, «азыр карапайым элдин баары оппозицияда, баарына эскертүү берип, баарын камай албайсыңар» деген мааниде жооп айтыптыр.

- Булар бизди айбан катары көрүп жатышат. Элдин ушинтип бирөөсүн бассын, экөөсүн бассын? калган элди кантип басат,-дейт Рыскулбек Жангорозов.

Талас шаарынын прокурору Астапа Казиев жарандарды кысмакка алуу фактылары болбогонун, эскертүү мыйзамсыз митинг, пикет болгон учурда гана берилерин жооп кылды:

- «Ата Мекен» партиясынын кызматкерлери 23- 24- мартта Талас шаарында митинг, пикеттерди өткөрөбүз деген сөздөр болуп жатат деп, бул боюнча Асыл Мамырова болуш керек эле, укук коргоо кыpматкерлери алып келишиптир. Ал экөөбүз сүйлөшүп, «митинг өткөргөнү жатасыңарбы, мыйзам боюнча кимге кайрылдыңар эле?» деп сураганымда, ал «митинг өткөрүү боюнча иш жүргүзгөн жокпуз» деп билдирди. «Эскертемин сени» же болбосо «эртең чыкпа ушуну жүргүзүп жатыптырсың» деп айтылган сөздөр болгон жок бизде. Азыр мен сизден угуп жатам биринчи.

Соңку күндөрү эле облус боюнча жыйырмага жакын оппозициядагы адамдар укук коргоо кызматкерлери тарабынан митингге чыкпоо жөнүндө эскертүү алышканын ырасташууда.

XS
SM
MD
LG