Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

З. Сариев: Татарстанда алатоолук мигранттарга иш табылат


Татарстанда курулушта мигранттарга иш бар
Татарстанда курулушта мигранттарга иш бар

Татарстанда алты миңдей кыргызстандык эмгек мигранттары иштеп жүрөт. Алардын турмушундагы кыйынчылыктар жана ишке уруксат алуу, ишке орношууга байланышкан башка оош-кыйыштарды чечүүнүн жолдору жөнүндө Казандагы Эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү фондусунун президенти Закир Сариев «Азаттык» аркылуу кеп-кеңештерин билдирди.

-Кийинки учурда дүйнөлүк каржылык кризистин айынан Орусияда иш орундары кыскарып, кыргызстандык мигранттар кайтып келе баштады. Бул жагынан Татарстанда кырдаал кандай?

- Татарстанда кыргызстандык жарандар өтө көп, азыркы күндө алты миңге жакын жердештерибиз бар. Татарлар бизге жакын эл болот, тилибиз-динибиз бир дегендей, ошондуктан кыргыздар көп келет. Азыркы учурда регион өтө өнүгүп жатат. Менин оюмча Москва, Питерден кийин эле Казан деп айтсам жаңылбасам керек.

Анын үстүнө 2010-жылы бул жакта студенттердин бүткүл дүйнөлүк спорт оюндары - Универсиада өткөнү жатат. Ошого байланыштуу спорттук имараттарды куруу пландаштырылып, курулуштар дүркүрөп жүрө баштады. Демек, башка аймактарга караганда Татарстанда эмгек мигранттарына иш табылат.

- Ошол алты миң чамал кыргызстандыктардын канчасы орус жарандыгына ээ болушту?

- Ошолордун жарымы орус жарандыгын алышты. Чынында эле орус жарандыгын алгандар көп болуп жатат. Анын үстүнө үч мамлекет – Кыргызстан, Орусия, Казакстан кол койгон келишимдер боюнча орус жарандыгын алуу башка өлкөнүн жарандарына караганда биздикилерге жеңил. Квотанын кыскаргандыгына байланыштуу кийинки учурда жарандык алууга документ тапшыргандар көбөйдү.

- Барганда эле акча жолдо чачылып жаткан жок да. Биздин мигранттар барганда темселеп калбаш үчүн кандай даярдык менен барышы керек?

- Биздин мекендештер эки жагынан - тил жагынан жана кесиптик маселеде аксап атышат. Эч кандай кесиби жок эле айылдан уруп-согуп жетип барышат, өзгөчө Москва, Питер, Екатеринбург сыяктуу шаарларга. Орус тилин билген, колунда кесиби барлар жакшы жумушта иштеп, чоң акча таап жатышса, биздин тил билбеген жарандар көбүнчө кара жумушта иштеп атышат. Ошондуктан эң алды бул жактан окуп, бир кесипке ээ болуп барышса жакшы болот эле.

- Сиз жетектеген фонд кыргызстандык эмгек мигранттарга кандай жардам көрсөтө алат?

- Алгачкы регистрациясынан жардам беребиз. Экинчиден, жумушка улуксат алып беребиз, үчүнчүдөн - жумушка орноштуруу маселесинде колдоо көрсөтөбүз. Азыр баргандарга иштөөгө уруксат берген пластикалык карточка үч айга берилет. Бирок он күндөн кийин жумуш берген уюмдун өкүлү чет мамлекеттин жараны менен бирге миграция кызматына келмейинче колуна бербейт. Ошон үчүн документтерди тапшыргандан биринчи жумуш берген уюмду таап, алардан кепилдик кат алып, эмгек келишимин түзүү зарыл. Ошонун негизинде бир жылга иштегенге уруксат берилет.

Эмгек мигранттарынын проблемаларын чечүүгө көмөктөш болуу максатында биздин фондубуздун атайын Интернеттеги сайтын ачтык.”Работа в России для иностранных граждан” деп аталат. Дареги www.888999.ru Ал жерде Орусиянын мыйзамдары жөнүндө көп маалымат бар. Чек арадан киргенден баштап легалдуу ишке орношконго чейин эмне кылуу керектиги бүт жазылган. Эң негизгиси - сырттан жумуш издегендер жана Орусиядагы иш берүүчүлөр үчүн атайын анкета бар. Иш издеген кыргызстандыктар Интернетке кирип, ошол анкетаны толтурушу зарыл. Ошол анкета боюнча Орусиядагы жумуш бере турган мекеме-ишканалар өздөрү байланышка чыгат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG