Миңдеген демонстранттар, ар түрдүү тоскоолдуктарга карабай, колдоруна шайлоодо жеңилген экс-премьер Мир Хусейн Мусавинин сурөтүн көтөрүп алышып, “Аллах Акбар!” деп кыйкырып Тегерандагы Ыңкылап аянтынан Эркиндик аянтына чейин жөө басып өтүштү. Ал жерде миңдеген жактоочулары алдына Мусави өзү чыгып сүйлөп, жаңы шайлоого катышууга даяр экенин билдирди.
Мусави мурдараак эл добушу уурдалып-бурмаланганын айтып, 12-июндагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга үндөгөн. Бул пикирди Ирандын экс-президенти Мухаммад Хатами да колдой турганын чогулуп турган элге анын бир тууганы жар салды.
Анын алдында Ирандын ички иштер министрлиги Махмуд Ахмадинежад кайра президент болуп шайланганына каршылык билдирүү - мыйзамсыз иш чара, көчөгө чыккандар көтөрүлүш уюштургусу келгендер катары кабылданат деп билдирген эле. Жума күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялангандан бери Тегеран жана башка шаарларда миңдеген кишилер митинг-демонстрация өткөрүп, айрым жерлерде алар полиция менен кагылыша кетишти.
Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары маалым болор замат, Махмуд Ахмадинежад 12-июндагы добуш берүү анык элдин тандоосу болду, шайлоо эркин жана калыс өттү деп ишендирүүгө аракеттенди. Анын миңдеген жактоочулары Тегерандын көчөлөрүн жаңыртып майрамдап, кайра шайланган лидерине кызуу колдоо билдиришти.
Ал тапта Мусавинин тарапкерлери шайлоо жыйынтыгына ишенбей, эл добушу уурдалды, жыйынтыктар көз көрүнөө бурмаланды деп албууттанып көчөгө чыгышты. Ишембиден берки көчө акцияларын полиция көздөн жаш агызган ок атып, резина союлдар менен кууп таратып жатты. Кабарларга караганда, бул күндөрү Иранда 150дөн ашуун реформачыл саясатчы, активист, журналисттер камакка алынды. Митингдер учурунда жараат алгандар арасында чет элдик кабарчылар да бар.
Дүйшөмбүдө эртең менен коопсуздук күчтөрү Тегеран университетинин жатаканасына чабуул коюп, далай бөлмөлөрдөгү эмерек талкаланып, он чакты активист студент жараат алып, алардын бир нечеси абакка отургузулду. Мурунку түнү ушул университеттин студенттери “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырып, Ахмадинежаддын кайра шайланганына кыжырдануусун билдиришти эле, резина таякчан адамдар бат эле жетип келип, аларды уруп-сабап киришти.
Ал жердеги окуяларга күбө болгон студенттердин бири Азаттыкка телефон аркылуу буларды айтып берди: “Мен өз көзүм менен көргөнгө ишене албай отурам. Бир студентти ур тепкиге алган киши каткырып күлүп: ушинтип таяк жеп атканыңды апаң көрсө сонун болот эле деп маашырланып жатты”.
Көчө акцияларына көбүнесе жаштар катышкандыктан, дүйшөмбүдө Исфахандагы университетте да куралчан адамдар рейд өткөрүшүп, эшик-терезелерди талкалап, студенттерди коркутуп үркүтүштү.
Шайлоо жыйынтыктарына байланыштуу экиге бөлүнүп калган элди тынчытыш үчүн Ирандын Жогорку лидери Аятоллла Али Хаменеи добуштар бурмаланганы тууралуу арыздарды иликтөөгө буйрук берди.
Эми өлкөнүн Көзөмөлчүлөр кеңеши 10 күн ичинде өз чечимин чыгарып бериши керек. Оппозиция тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылмайынча көчө акцияларын токтотпой турганын айтышууда.
Бул күндөрү Ирандагы президенттик шайлоо таза өткөн жок деп, дагы миңдеген ирандыктар Вашингтон, Лондон, Берлин, Торонто жана башка шаарларда пикетке чыгышты.