Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Тенгиз Гудава: "Мен эркиндикти тандадым"


Жазуучу, журналист жана укук коргоочу, Борбор Азия жана Кавказ боюнча абройлуу серепчи Тенгиз Зурабович Гудава 55 жаш курагында Прага шаарында дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы бүгүн, 27-апрелде Прагадагы Католик чиркөөсүндө болот.

Жазуучу, журналист жана укук коргоочу Тенгиз Зурабович Гудава Грузиянын Самтредия шаарчасында 1953-жылы туулуп, Москвадагы медициналык институтту аяктаган. Cоветтик саясатка туура келбеген көз карашынын айынан 1982-жылы түрмөгө кесилип, беш жылдан кийин Советтер Союзунан чыгып кетүү шарты менен абактан бошотулат. 1987-жылы Тенгиз Гудава АКШга келип байыp алат дагы көп өтпөстөн Европага кайтат. Ошол мезгилден тарта Мюньхендеги "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус жана грузин кызматтарына ишке кирет, кийинчерээк аталган үналгынын Прагадагы башкы кеңсесинде кызмат өтөйт.

Атасы грузин, энеси орус Тенгиз Гудава Советтер Союзундагы этникалык түзүлүштү, түрдүү улуттардын жашоосун башкаларга караганда терең түшүнгөн. Гудаванын ишмердүүлүгүнүн эң жемиштүү мезгили "Эркин Европа/Азаттык" үналгысында эмгектенген учурга туура келет. Ал Кавказ, Борбор Азия, Ооганстан жана Кытайдын Синцзянь Уйгур автономиялык аймагындагы түрдүү улуттардын жашоо турмушун чагылдырууда журналист, серепчи катары маселенин түпкү тамырын көрө билип, түрдүү жагдайын чагылдырган берүүлөрдүн автору экени жалпыга белгилүү. Өткөн кылымдын сексенинчи-токсонунчу жылдарында Тенгиз Гудаванын жумшак, бирок ишенимдүү коңур үнү аталган аймактардагы миллиондогон угармандардын эсинде калганын айта кетүү зарыл.

Тенгиз Гудава жашоону сүйүп, өмүрдүн ар бир аткан таңын барктап келээрин дайыма айтып калчу. Жазуучунун жашоого кылган мындай астейдил мамилесине анын советтик диссидент катары эмгек абагында өткөргөн беш жылдык өмүрү, андан соң иниси Эдуард менен 1987-жылы өз мекенинен куулушу ташка тамга баскандай өз изин калтырганы себеп болсо керек. "Эркиндикти - жок дегенде бир кун болсо да абакка түшүп чыккан киши түшүнөт жана баалайт" деп байма-бай айтканы замандаштарынын эсинде.

Гудава өз өмүрүн эркиндик үчүн күрөшкө арнаганын "Мен эркиндикти тандадым" деп тастыктачу. 2004-жылы "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынан пикир келишпестиктин айынан кызматтан кеткенден кийин дагы журналисттик ишмердүүлүгүн уланта берген. Көз карандысыз журналист, серепчи катары Орусия, Кавказ, Борбор Азия тууралуу макалаларын өзүнүн жеке интернет желесине үзбөй жарыялап турган. (Ал ошондой эле "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын ишмердүүлүгүнө курч сын-пикирин билдирген макала да жазган). Өткөн жайдагы Орус-Грузин жанжалы Гудаванын жан дүйнөсүнө атылган октой тийип учурдагы Орусиянын жетекчилигине өтө курч сын көз карашта болуп келген.

Албетте, Тенгиз Гудаванын кежир диссиденттик мүнөзү көптөргө эле жага берчү эмес. Бирок ошол эле учурда анын журналисттик чеберчилигинин өз угармандарына сөз менен сүрөттөй алгыс таасир калтырган күчүн эч ким тана албайт. Ал өзү кызыккан чөлкөм тууралуу жазган журналист гана эмес ошол аймактардагы жашоого тынымсыз жана астейдил сереп салып турган байкоочу болгон. Анан дагы Гудаванын жөнөкөй адамдардын укуктарын коргоого, тоолуу ооган кыштактарындагы жашоочулардан тарта Борбор Азиядагы түрмөгө кесилген саясий оппозиционерлердин тагдырына чейин күйүп-бышып турган мүнөзү бар эле.

Тенгиз Гудава 15-апрелдин түнүндө Прагадагы үйүнөн тамеки алып келүүгө тышка чыккан тейден кайра кайрылган эмес. Эки күндөн кийин анын сөөгү үйүнөн анча алыс эмес жердеги өлүкканадан табылган. Шаардык полиция журналистти автомашина коюп кеткен деген маалыматты гана берип, кырсыктын жагдайын түшүндүрө элек.

Маркумдун артында жубайы Ольга, эки уулу жана кызы калды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG