Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Түркия: Папа Иоанн Павел IIге кол салган адам абактан чыгат


Мехмет Али Агжа Стамбулдун сотунда, 2006-жылдын 12-январы.
Мехмет Али Агжа Стамбулдун сотунда, 2006-жылдын 12-январы.

Папа Иоанн Павел Экинчинин өмүрүнө кастык кылган Мехмет Али Агжа Дүйшөмбү күнү абактан бошотулат. Бошотулгандан кийин анын табышмак окуяларга жык толгон өмүр баянын чүмбөттөгөн сыр пардасы ачылабы?

1979-жылда Стамбулда таанымал журналист Абди Ипекчинин өмүрүнө кол салып өлтүргөн, андан ары абактан качып 1981-жылдын 13-май күнү Рим шаарында, ошо кездеги Папа Иоанн Павел Экинчинин өмүрүнө кастык кылган Мехмет Али Агжа 29 жыл бою абакта олтургандан кийин дүйшөмбү күнү бошотулуп, эркиндике чыгат. Папанын өмүрүнө кастык кылгандан кийин кармалып, Италиянын соту тарабынан 20 жылга кесилген Агжа 19 жыл абакта олтурган соң, 2000-жылда мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Түркияга өткөрүлүп берилген. Түркияда ал мурдагы башка кылмыштары үчүн соттолуп, 36 жылга кесилди бирок анын камакта олтурган күндөрү эсепке алынып, жазасы 7 жыл 2 айга төмөндөтүлдү.

2006-жылдын 12-январында абактан бошотулган Агжанын эркиндиги да алыска созулбады. Апелляциялык сот аны бошоткон соттун чечимин жараксыз кылып 10 күндөн кийин кайра абакка салды жана анын 2010-жылдын 18-январында бошотулаары тууралуу чечим чыгарылды.

Абакта олтурган кезинде Агжа эмне үчүн түркиялык журналистти атып өлтүргөнү, эмне үчүн Папа Иоанн Павел Экинчинин өмүрүнө кастык кылганы тууралуу ар дайым карама-каршылыктуу маалымат берип, тегерегинде бүт дүйнөнүн бүйүрүн кызыткан бир сыр пардасы пайда болду. Ал 1979-жылы түркиялык журнаилстти өлтүрүп кармалган соң табышмактуу түрдө аскерий түрмөдөн качууга үлгүргөн. Ошол окуянын тегерегиндеги сыр пардасы али да болсо аралана элек. Ошо кездеги Түркиянын полиция башкармасынын төрагасы Хайри Козакчыоглу, Агжанын кылмыштарынын артында эл-аралык ар кандай топтордун катышы болушу ыктымал деген пикирде.

-Агжа эч качан жалгыз эмес эле. Агжаны кандайдыр бир чөйрөлөр бул иш үчүн даярдашты. Даярдалып жатканда дагы, артында ар кандай күчтөр бар эле. Булардын бардыгын кайрадан иликтеп чыгуу зарыл, - деп билдирди Козакчыоглу мырза.

Агжа Италияда түрмөдө олтурган кезинде “мен чыныгы машаякмын” деген өңдүү табышмактуу сөздөрдү айтуусу жана “1999-жылдын соңуна карата үйлөнөм” деп билдирүүсү менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. 2000-жылдын 13-май күнү Папа Иохан Павел Экинчи, Португалиянын Фатима шаарында, Иесус Христостун энеси Мариамдын болжолу 1 кылым сакталган 3-сырын ачып берди. Папа 83 жыл илгери 3 кичине балага 3 сыр берген Мариам, Агжанын өзүнө кол сала турганын ошо кезде билгенин жана анын жанын сактап калганын ырастады.

Фатима шаарынын 3-сыры өзүнө тийешелүү экенин доо кылган Агжа абактан чыккандан кийин ал шаарга жайлашууну каалаганын билдирди. Ал ошондой эле Лондондо жарыка чыгуучу Sunday Times гезитине кат жолдоп, абактан чыккандан соң ‘эң сонун християн динин’ таблиг кыла турганын айтты. Италияда чыгуучу La Republika гезитинде чыккан бир маеги үчүн 2 миллион доллар акы ала турганы, өмүр баяны менен кошо жаза турган эки китеп үчүн 5 миллион доллар сураганы тууралуу түркүн кабарларды жаюу менен Агжа абактан чыкпай туруп өзүн жарнактап баштады. Папанын өмүрүнө кол салуу окуясы менен байланыштуу бир кезде Кремлди да айыптаган Агжа “түрмөдөн чыккан соң бүт сырларын ачып береби же жокпу” деген суроо күн тартипте.

XS
SM
MD
LG