Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Түркия: армия менен бийликтин тиреши


Түркияда акыркы бир нече күн ичинде отставкадагы жана учурда иштеп жаткан 49 офицер төңкөрүш жасоого даярдык көрдү деген айып менен камакка алынды. Бул - НАТОго мүчө Түркиянын тарыхында мурда болбогон окуя катары коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Өткөн аптада катарында генерал жана адмиралдар болгон 49 офицердин 2003-жылы өкмөткө каршы аракеттерди даярдаган деген айып менен тергөө абагына алынуусу - секулярдык режимдин сакчысымын деп келген күчтүү армияны пайдубалынан бери солкулдатты.

Бул окуялар глобалдаштыруу заманында мыйзам ченемдүү көрүнүшбү же алдыдагы чоң тирешүүлөрдүн кабарчысыбы? Кандай болгон күндө да, саясий серепчилердин пикиринде, сөз Түркиянын келечектеги системасы жөнүндө болуп жатат шекилдүү.

Мустафа Кемал Ататүрк
түптөгөн ылайык (светтик) системанын жүрүшүндө бир нече жолу партиясы жабылып, куугунтук көргөн элдин динге ыктаган катмары менен, өлкөнүн 86 жылдык тарыхында саясатта салмактуу рол ойноп келген жана өзүн ылайык системанын сакчысы катары көргөн армиянын ортосундагы чечүүчү таймаштай таасир калтырган бул окуялар Түркиянын НАТОдогу ынтымакташтарын да терең ойго салганы шексиз.

Өлкөнү 8 жылдан бери башкарып келаткан АК партия буга чейин секуляристтерден көргөн кордугу үчүн өч алып жатабы деген суроолор да күн тартибинде. Коомдук турмуштун бардык тармактарын, анын ичинде эл агартуу, адилет жана бюрократияны тескеп келген армиянын кийинки жылдарда саясий майдандан четтетиле баштагандыгы жана кийинки учурларда жада калса өзүн да коргой албай жатканы мындай божомолдорго жем таштап, системанын келечеги тууралуу кам көргөндөрдүн саны мында дагы көбөйүүдө.

Коомдун бул катмарынын пикирин чагылдырып, оппозициядагы “Улутчул Аракет” партиясынын лидери Девлет Бахчели 2-мартта парламенттеги жыйында мындай деди:

- Ким эмне деп гана айтпасын, бул окуялар өлкөдөгү кризистен кабар берет жана режим кризисине да чакырык таштоодо. Кризис - бул маселелерди чечүүнүн ордуна аларды өнөкөткө айландырган, кечээги күндүн өчүн бүгүнкүгө оодарган кекчил өкмөттөн башат алып жатат.

Оппозициядагы ЖХП партиясынын лидери бул окуялардын артында саясат бар деген пикирде:

- Бул окуялардын артында түздөн-түз саясат бар. Түркия бүгүн башынан өткөрүп жаткан бул жараян өлкөдө адилеттин, соттун саясатташтырылып жатканын, саясаттын сотту өз максаттары үчүн колдоно баштаганын көрсөтөт.

Учурда жүрүп жаткан “Эргенокон”, “Балка” деп шарттуу аталган сот жараяндарына карата шектүү көз караш билдиргендердин бири- өзү ылайык (светтик) системанын жактоочусу болгонуна карабай буга чейин исламчыларды коргогондугу менен таанылган журналист Нурай Мерт. Анын пикиринде, бийликтеги АК партиясы өлкөнү авторитардык режимге жетелеп баратат. Өкмөт тарабындагылар бул окуяларды өлкөнүн демократия жолундагы кадыресе көрүнүш деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG