Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Түркиянын лидери Брюсселде болду


Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу
Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу

Түркиянын президенти Абдулла Гүл бир катар жолугушууларды өткөрүп, жыйындарга катышуу үчүн 26-мартта Брюсселге барды. Ал жерде Гүл мырза Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушуп, Түркиянын биримдикке мүчө болуу жараянын талкуулады.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл бейшемби күнү Брюссел калаасына келери менен, Белгиянын падышасы Алберт жана тышкы иштер министри Карел Де Гухт менен көрүштү. Андан соң Гүл мырза Еврокомиссянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен Еврокомиссиянын имаратында жолугушуп, бетме-бет сүйлөшүү өткөрдү.

Президент Гүл менен Баррозунун сүйлөшүүлөрүнөн кийин бирдиктүү маалымат жыйыны уюштурулду. Еврокомиссия Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүн толук колдоорун ишендирген Баррозу мырза, Түркия реформа жараянын тездештирүүсү зарыл экенин баса белгиледи:

- Толук мүчөлүк сүйлөшүүлөр алдыга карай жылып жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушу тапка чейин 10 бөлүм ачылды. Мүчөлүк жараянынын баштапкы кыймылдаткычы саясий жана техникалык реформалар бойдон кала берүүдө. Биз Түркияны реформаларды кайра жандандырууга, негизги укуктарды күчтөндүрүп, өлкөнү заманбапташтырууга дилгирбиз.

Абдулла Гүл менен стратегиялык орток таламдарды талкуулаганын баяндаган Баррозу, мүчөлүк жараянынын алга карай жылуусунда дин, сөз эркиндиктеринин күчтөндүрүлүшү абдан чоң мааниге ээ экенин кошумчалай кетти.

Президент Гүл мамлекет башчы катары бул Евробиримдикке өзүнүн алгачкы сапары экенин эскертип, Түркия менен Биримдик ортосундагы “толук кандуу мүчөлүктү” бутага алган сүйлөшүү жараяны олуттуу маанайда жүрүп жатканын билдирди:

- Бул багытта биз бүгүн өткөргөн сүйлөшүүлөр абдан пайдалуу болду. Бул жараян оңой-олтоң бир иш эмес. Ал узак мөөнөттү көздөгөн бир жараян. Түркия өзүнүн улуттук программасын иштеп чыкты жана ага жараша өзүнүн Биримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү өкүлүн атады. Ички саясаттагы толгон токой башка иштерге карабастан 30дан ашуун маанилүү мыйзамдар бекитилип, абдан олуттуу реформалар ишке ашырылды.

XS
SM
MD
LG