Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Давутоглу - Түркиянын тышкы саясатындагы таасирдүү адам


Түркиянын бийлиги акыркы убакыттарда жүргүзүп жаткан тышкы саясатында өзүнүн аймактык жана глобалдык күч катары таасирин арттыра баштады. Бардык кошуналары менен жакшы мамиле түзүп, аймакта тынчтык орнотууну көздөгөн расмий Анкаранын бул саясатынын артында тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу турат.

Америкалык ардагер дипломат Марк Паррис тарабынан “Түркиянын Генри Киссинжери” деп бааланган профессор, доктор Ахмед Давутоглу май айынан бери Түркиянын Тышкы иштер министрлигин башкарып келатат.

51 жаштагы саясий илимдердин профессору Ахмед Давутоглу апрел айында өлкөнүн премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган тарабынан тышкы иштер боюнча кеңешчи катары дайындалардан мурда эле, тагыраак айтканда, “АК” партия алгачкы жолу бийликке келген 2002-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан “Батыш менен да, кошуналар менен да жакшы мамилелерди сактоо” деген ураан алдында үзүрлүү тышкы саясаттын артындагы башкы архитектор катары таанылды.

Өткөн жылы Сирия менен Израилдин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылган Давутоглу, 10-октябрда Түркия менен Армениянын кылымга созулган араздашуусун соңуна чыгаруу максатын күткөн келишимге кол койгондо, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн жана Орусиянын мактоосуна татыктуу болду.

Ахмед Давутоглу жүргүзгөн тышкы саясатынын шарапаты менен, бир учурда согуштун кырына чейин келген Сирия менен байланыштар абдан жакшы өнүгүп, жакын арада эки өлкөнүн ортосундагы визалык чектөөлөр алынды.

Ирак менен стратегиялык өнөктөштүк келишими түзүлүп, ушул аптада премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын Иранга болгон саякаты өтө ийгиликтүү натыйжа менен аяктады.

Түркиянын Орусия жана Иран менен мамилелеринин улам жакшырып жатышы жана расмий Анкаранын өткөн жылы Израилдин Газа тилкесиндеги аскердик операциясын кескин түрдө сынга алышы – Батыштын кабагынын бүркөлүшүнө себеп болуп, айрым серепчилердин ‘Түркия Батышка артын салып, жүзүн Чыгышка буруп жатабы?” деген түкшүмөл ой билдирүүлөрүнө себеп болсо да Давутоглу июнда АКШдагы жыйында буларды айткан:

- Эл аралык аренада алдыңкы рол, эл аралык уюмдарда иштиктүү рол…Эгерде өз аймагында таасирдүүлүккө ээ болгуң келсе, алдын ала глобалдык сахнада сыйга ээ болууң керек. Глобалдык сахнада сыйга ээ болгуң келсе, өз аймагыңда таасирдүү болушуң зарыл. Айланаңда эмне гана болбосун таасирин тиигизбей койбойт экен. Ошондуктан биз “кошуналар менен жакшы мамиледе” деген саясатты өнүктүрүүгө аракеттенип жатабыз.

Түркия жумуруяты түптөлгөн 1923-жылдан бери багытын Батышка бурган Анкара, өз тегерегиндеги кошуналары менен өтө жакшы алака түзүүгө анча үлгүрө албады. НАТОнун мүчөсү Түркия кийинки 9-10 жылдын ичинде экономикасын кыйла жөңгө салып, экономикасы боюнча дүйнөдө он жетинчи, Европада алтынчы орунду ээледи.

Жакында эле Ахмед Давутоглу расмий Анкаранын Вашингтон менен мамилеси да жакшырганын билдирди. Түркия жана анын тышындагы оң мүнөздүү бааларга караганда Давутоглунун Анкаранын тышкы саясатындагы күчтүү таасири дагы бир топко сакталып кала турган өңдүү.

XS
SM
MD
LG