Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Түркияда коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынат


19-июлдан тартып Түркияда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган эреженин акыркы этабы ишке ашырылат. Тамеки өнөр жайы жана чылым чеккендер бул мыйзамга каршы күрөшүп жатышканы менен, өкмөт бул жолу абдан чечкиндүү көрүнөт.

Жекшемби күнү күчүнө кире турган мыйзам боюнча мындан ары кафе, бар, ресторан өңдүү көңүл ачуучу жайлардын атайын бөлмөлөрүндө да тамеки тартууга тыюу салынат.

Түрк элинин ден-соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзам 2008-жылдын башында кабыл алынган. Мыйзам боюнча мындай жайларда тамеки чеккендер 62 түрк лирасы, же 30 евро айып пул төлөшөт. Кардарларынын тамеки тартып жатканын көрсө да көрмөксөнгө салып кое турган ресторандын ээлерине алгач эскертүү берилет. Эгерде бул көрүнүш кайрадан кайталанчу болсо, тамактануучу жайлардын ээлерине 500 лирадан 5 миң лирага чейин айып пулга жыгылышат.

Жаңы эрежелер боюнча коомдук жайларда “Мыйзам боюнча тамеки тартууга салынган тыюуга баш ийбегендер айып пул төлөшөт” деген эскертүүлөр болушу керек.

Тамеки өндүрүшүнүн ээлери жана бул мыйзамдын күчүнө кириши менен кардарларын жоготуп алып, тез арада чыгымга учурайбыз деген кафе-ресторандардын ээлери буга чейин бир топ –иш-чараларды көрүштү. Бирок аракеттеринен майнап чыккан жок.

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Режеп Акда буларды айтты:

- Белгилүү болгондой, өткөн жылы мыйзам чыккандан кийин кафе, ресторан өңдүү коомдук жайлардын ээлерине 14 ай убакыт бердик. Бирок азыр көрүп турганыбыздай айрымдар калкты бул мыйзамга каршы тукуруп, аны жаманатты кылуу менен алек. Буга чейин кабарлангандай, мыйзам 19-июлда күчүнө кирет.

Бул мыйзам тууралуу пикирлер экиге бөлүндү. Айрымдар бул мыйзамдын калктын саламаттыгы үчүн мыкты чечим болгонун айтышса, башкалары тамеки тартууга тыюу салууну ар бир адамдын жеке турмушуна кийилигишүү катары баалашууда.

Мыйзамдын автору, парламенттеги Саламаттык бөлүмүнүн төрагасы Жевдет Эрдөл мындай дейт:

- Маселени өз аты менен атайлы. Бул кандайдыр бир тыюу эмес. Бул мыйзам жарандардын таза аба жутуу эркиндиги болуп эсептелет. Кафе-ресторандарга барган, бала-чака, карыя-кемпир, оорулуу жана башкалар үчүн бул мыйзам - таза аба жутуу эркиндиги.

XS
SM
MD
LG