Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Түркия Чыгышка ооп баратабы?


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын өзөктүк маселе менен байланыштуу Иранга кошумча санкцияларды жарыялоого каршы экенин дагы бир жолу кайталоосу батыштык чөйрөлөрдө “Түркия Иран тарапка ооп баратабы” деген түкшүмөл ойлорду пайда кылууда.

ТИМдин басма сөз өкүлү Бурак Өзүергин шаршемби күнү уюштурган маалымат жыйынында, Анкара БУУнун Иранга каршы кошумча санкция жарыялашына каршы экенин белгилеп, “алдыда али да болсо мүмкүнчүлүк бар, бул мүмкүнчүлүктөн иштиктүү түрдө пайдалануу зарыл. Азыраак эмес тескерисинче алда канча ургаалдуу дипломатия керек” деп билдирди.

Жакын арада АКШнын мамкатчысынын орунбасары Филипп Гордон НАТОнун мүчөсү катары Түркия санкцияларды колдоп чыгуусу, антпесе анын натыйжалары менен эсептешүүсү керек экенин эскерткен эле.

Түбөлүктүү кошунасы Иран менен кийинки аралыкта мамилелерин бир топ оңдоп алган Түркиянын башкаруудагы өкмөтү Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максаттарды көздөгөн программа экенин далилдеп, бул тууралуу жүрүп жаткан чатакты дипломатиялык жолдор аркылуу чечүү керек экенин билдирип келүүдө.

Жакында The Guardian гезитинин Стамбулдагы кабарчысы менен болгон маектешүүсүндө премьер-министр Р.Т. Ердоган “Иран президенти Ахмединежад бизин досубуз.. Ушу тапка чейин достор катары абдан сонун мамиледе болуп келдик, эч кандай бир чатак болгон жок” деген сөздөрү менен өкмөтүнүн Тегеранга карата турумун кайра бекемдеп, Ирандын атомдук куралга ээ болууну көздөгөндүгү тууралуу батыштык өлкөлөрдүн камтамаларын “ушак” катары баалады.

Ал ошондой эле Иранга кысым көрсөтүп олтурган бардык өлкөлөрдүн атомдук куралы бар экенин эске салып, бул анча деле адилеттүү бир көрүнүш эмес экенин кошумчалады. Ал жылдын башында, АКШда жеке бир курулуштун жыйынында дагы бул тууралуу сөз козгогон:

Бир өлкөгө андай куралдарды жасаба деп жатасыңар, бирок ал өлкөдөн бир канча чакырым алыстыктагы башка бир өлкөдө ошол куралдар бар. Ачык айтканда, ошол куралдарга Израил эгедер. Бул жерде кош стандарт мамиле жасалып жатканын мен бетке айтуум керек. Дос ачуу айтат, бирок чындыкты айтат”,- деген эле.

Ак Партия өкүмөтүнүн Иран менен анын тегерегиндеги Сирия, Ирак, Ливан өңдүү өлкөлөр менен мамилелерин жакшыртып баштоосу батыштык басылмаларда “Анкара Батышка далысын салып, багытын Чыгышка буруп жатабы”? деген суроолордун чыгышына себеп болууда.

“FORBES” жумалыгынын соңку санында Президент Абдулла Гүл менен маек жарыяланып, “Түркия Иран жакка ооп баратат” деген жыйынтык чыгарылды. Маегинде Абдулла Гүл премьер-министр Ердогандын сөзүн кайталап: “Иран шексиз атомдук куралга ээ болгусу келет. Бул - Тегерандын тээ Шах заманынан берки самаган максаты. Иран муну өзүнүн улуттук сыймыктанчу маселеси катары көрөт. Бирок батыштык өлкөлөр эч кам санабасын, Иран атомдук куралга ээ болсо дагы аны Израилге каршы колдонбойт. Анткени, ал жердеги мусулмандардын ыйык мечити Мечит-Ул Аксага жана палестиналыктарга зыян береринен тартынат”,- деген пикир айткан.

Ал ошондой эле, өлкөсү аймакта атомдук куралдардын болушун каалабастыгын, бул Жакынкы Чыгышта жарыша куралданууну күчөтүп, аймакта ири кармаш башталарын эскертип, мындайча үлкөн бир өлкөнү обочолонтуш мүмкүн эмес экенин билдирген.

“FORBES” журналынын саясий серепчиси Claudia Rosett макаласында бардык ушул айтылган сөздөрдү талдап олтуруп, “Түркия Иранга ыктап баратат” деген жыйынтык чыгарган.




XS
SM
MD
LG