Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Түркия: Армиянын беделине доо кеттиби?


Түркия Армиясынын штабынын төрагасы генерал Илкер Башбуг.
Түркия Армиясынын штабынын төрагасы генерал Илкер Башбуг.

Европа Биримдигине мүчө болуу жараянынын алкагында Түркияда саясат айдыңында терең өзгөрүштөр орун алып келүүдө. Кийинки өнүгүүлөрдөн алып караганда эми кезек өлкөнүн таасири зор тармагы болгон Куралдуу Күчтөргө келген шекилдүү.

1960- жылдан бери 4 жолу путч жасап өкүмөтү кулаткан Түркиянын куралдуу күчтөрү жумуруят курулган күндөн тартып өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунда таасирдүү роль ойноп келди. Кансыз согуштун жылдарында НАТОнун эң күчтүү армияларынан саналган Түрк куралдуу күчтөрү уюмдун коргонуу стратегиясында да зор роль ойноду.

СССР ыдырап, Батыш үчүн коммунизм коркунучу жоюлган соң, Түркиянын коргонуу стратегиясы алмашты. Өзгөчө кийинки эки жылдын аралыгында армиянын ролу тууралуу коомдо түркүн пикирлер айтылууда. Айрыкча “Эргенокон” деп аталган чуулгандуу сот жараянынын жүрүшүндө отставкадагы бир нече генералдар абакка салынып, айрым генералдардын соода-медиа чөйрөлөрү менен тымызын тил табышканынын бетинин ачылгандан кийин, бул күчтүү мекеменин бедели жөнүндө коомчулукта түкшүмөл пикирлер пайда болду.

Өткөн айда өлкөнүн чакан гезиттеринен саналган "Тараф" басылмасы армиядагы айрым топтор мындан жети жылдай илгери премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын исламчыл өкүмөтүн кулатыш максатында тымызын кутум даярдаганын ырастаган документтерди прокуратурага тапшырганда, өлкөдө чоң ызы-чуу чыкты.

Документтерге караганда, ошо кезде бир генерал бир сценарий даярдап, өлкөдө элди козгоп, путч жасоого ыңгайлуу шарттарды түзүш максатында Стамбулдагы бир мечитте бомба жардырууну, ал ишке ашпаса Эгей дэңизинде бир Түрк согуштук учагын атайын атып түшүрүп, бул аркылуу өкмөттү жаманатты кылууну жана анын натыйжасында өкүмөттү кулатууну пландаган.

Армиянын штабы андай доолорду чечкиндүү түрдө четке кагып бул армиянын беделин кетирүүнү көздөгөн чөйрөлөрдүн арам-ойлуу жалаасы экенин билдирди. Бул тууралуу жарандык жана аскердик прокурорлор тергөөлөрүн жүргүзүп жатышат. Армиянын штабынын төрагасы генерал Илкер Башбуг доо кылынган документтердин ‘аскерлер мечитте бомба жардырмак болчу’ деген бөлүмүнө абдан туталануу менен каршы чыкты:

Согушта Алла-Алла деп жортуулга барган бир армия кантип бир мечитте бомба жардыра алат. Сиздерден сурап жатам. Алла-Алла деп жортуулга барган бир армия кантип Кудайдын ыйык үйү мечитке бомба таштай алат? Мен бул кыянат жалааларды айтып, армияга көө сыйпаган абийирсиздерди жектейм”,- деп ачууланды генерал Илкер Башбуг.

Иш жүзүндө генерал Башбуг ‘Эргенокон’ деген аталыштагы операция жөнүндө же өткөн айда атайын бир соттун чыгарган чечими менен армиянын эң жашыруун имаратынын тинтилишине дагы эч кандай реакция көрсөтпөй, өзүнүн демократиялуу турумун байкатты. Анын бул мамилеси Economist журналынын кийинки санында чыккан бир макалада “Түркияда путчтар артта калды. Эгерде бүгүн аскерлер саясатка аралашпоону чечишкен болсо мында өлкөнүн заманбап генералы Илкер Башбугдун чоң ролу бар” деп чагылдырылды.
Макалада өлкөнүн куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн 1909- жылда “аскерлер саясатка аралашуунун ордуна армияны күчтөндүрүшсүн” деген сөздөрү эске салынып, “эч кур дегенде, арадан өткөн 100 жылдан кийин Ататүрктүн осуяты аткарылып жаткан шекилдүү” деген пикир айтылган.

XS
SM
MD
LG