Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Түркмөнстандагы шайлоо ачык жана адилет өтпөсү анык


T
T

Түркмөнстандагы кырдаалдын президент алмашкандан кийинки абалы, жакындап калган парламенттик шайлоо Вашингтондо, АКШнын Хельсинки комиссиясындагы угууда талкууланды. Ага катышкан эксперттер жапырт белгилешкендей, декабрдагы шайлоо адилет жана ачык өтпөсү анык.

Түркмөнстандагы парламенттик шайлоо 14-декабрга белгиленген. АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык же Хельсинки комиссиясындагы угууга расмий өкүлдөр, шайлоо жана адам укуктары боюнча эксперттер катышты. Мамлекеттик катчынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун Жорж Крол ( Georg Krol) талкуу учурунда буларды белгиледи:

-Биз Түркмөнстандын 14-декабрдагы парламенттик шайлоосу толугу менен эл аралык стандарттарга жооп берет деген иллюзияга берилген жокпуз. Түркмөнстанда чыныгы саясий плюрализм жок. Көз карандысыз жана сынчыл маанайдагы маалымат каражаттары, тең салмактоочу система жок. Ал эми адам укуктары жаатында, сот тармагында, түрмөлөрдүн шартында, куугунтуктоолор, кармоолор, камакка алуулар, сөз эркиндиги боюнча, четке чыгууда олутуу көйгөйлөр сакталууда.

Америкалык дипломат бул көрүнүштөргө карабай, Түркмөнстан өз тарыхынын "өтө маанилүү баскычында" турганын кошумчалады. Жорж Кролдун айтымында, өлкө мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязовдун доорунан жылып бара жатканын каңкуулаган "үмүттүү белгилер" бар. Бирок өлкө демократия жана адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга жооп бергиче али узак жолду басып өтүүсү абзел:

-Жалпысынан президент Бердымухаммедов өлкөсүнүн экономикасы менен коомун кайра куруу үчүн бир кадамдын артынан, экинчисин абдан этияттык менен таштап жаткандай көрүнөт. Ал саясий жана экономикалык реформаларда, адам укуктарын урматтоо жаатында, көптөр каалагандай, тез жылган жок. Бирок ал ишара кылган кадамдар, анын ичинде Конституциянын кайрадан жазылуусу, жаңы шайлоо мыйзамы, өлкөнү тышкы дүйнө менен кененирээк карым –катнашка ачуусу системалык реформаны көздөй көп кадамдардын биринчиси деп үмүттөнөбүз.

Ал эми Электоралдык системалардын Эл аралык фонду деп аталган мекемеде Кавказ жана Борбор Азия программасын жетектеген Энтони Боуердин (Anthony Bowyer) Хельсинки комиссиясындагы талкуу учурунда алдыдагы шайлоону "алдоо" деп атады.

Ал белгилегендей, өлкөдө интернет кафелер кайра жабылууда, саясий айыпкерлер түрмөдөн чыга элек, шайлоону президент башкарууда, ал эми "жеке адамга сыйынуу культу" эми Бердымухаммедовдун айланасында жөрмөлөп жүрөт. Анткен менен талдоочу Энтонни Боуердин
(Anthony Bowyer) көз карашында, Кошмо Штаттар түркмөн президенти өзгөрүүлөрдүн таасирин баалайт, чыныгы реформаларга жол ачат деген үмүттө, ал өзү максатка ылайыктуу деп тапкан кичинекей өзгөрүүлөрдү жасоосуна шыктандыруусу керек:

-Эгер биз Бердымухаммедовду, мисалы декабрдагы шайлоо ЕККУ күткөн талаптарга жооп бербей калганда, көп ачууланбастан, айрым бир үмүт берген рефромаларга барганын куттуктоо менен ушул багытта шыктандыра алсак, менимче, биз өлкөнүн жана коомду туура жолго түрткөн болобуз.

Хельсинки комиссиясындагы угууга катышкан эксперттердин экинчи бири Кэти Фитцпатрик (С.Fitzpatrick) буга каршы чыкты. Ал белгилегендей, Түркмөнстанда ишке ашты делген өзгөрүүлөр билим, салматттыкты сактоо чөйрөсүнө гана тиешелүү, алар өлкөнү алга жылдырбастан, мурда келтирилген зыяндардын ордун толтурду.

Кэти Фитцпатриктин (С.Fitzpatrick) айтымында, Түркмөнстандын жаңы Консититуциясы саясий партияларга уруксат берет, бирок партиялар кантип түзүлөрү, катталары, каржыланары, шайлоо өнөктүгүн кантип жүргүзөрү жана талапкерди кантип тандаарын караган мыйзам жок.

Ал ошондой эле атуулдарга шайлоого көз карандысыз талапкерди алып чыгууга уруксат берген жаңы жобону сынга алды. Ал жобо боюнча он адам бир талапкерге токтолгондон кийин, аны расмий көргөзүү боюнча жыйынга кеминде 200 киши катышуусу керек жана алардын баары бийликке өздөрү тууралуу маалымат берүүсү талап кылынат:

-Бул аларды бийлик куугунтуктоосуна жол ачууда. Биз билген эки учурдан эле буга ынандык. Бири Дашаузда болду. Мектеп жетекчилеринин тобу Конституциянын ушул жобосун колдонууга аракеттенишкен, бирок онунун ичинен сегизине Улуттук коопсуздук боюнча министрликтен келишип, муну улантуудан айнытышкандан кийин, алардын аракети оңунан чыкпай калды.

Андыктан талдоочу Кэти Фитцпатрик (С.Fitzpatrick) Хельсинки комиссиясындагы угуу учурунда жыйынтыктагандай, АКШ алдыдагы шайлоону "мактабастан" демократиялык эмес экендиги туууралуу ачык айтуусу абзел.


Бул аралыкта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, тагыраак айтканда анын Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Түркмөнстандагы шайлоого байкоо жүргүзөрүн жарыялады. Аталган эл аралык мекеменин маалымат катчысы Йенс-Хаген Ешенбехердин
(Jens –Hagen Eschenbaecher) 19-ноябрда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркмөн кызматына билдиргенине караганда, уюмдун беш эксперти Ашхабадга 7-декабрда барат. Алар шайлоого байкоо жүргүзүүдө ЕККУнун Ашхабаддагы борборуна колдоо көргөзөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG