- Бүгүн Нарын шаарында ушуну менен экинчи жолу чоң митинг өтүп жатат. Ушул митингдин өтүшүнүн негизги өзөгү эмнеде деп ойлойсуз?
- Биринчиден, элдин нааразылыгы бир топ чоң деңгээлге жетип калган. Убагында элдин пикири менен бийлик эсептешиш керек эле. Эсептешпей, тариф, экономикалык маселелерди чечүүнүн ордуна мурдагы губернатор Т. Чекиев баштаган бийлик саясат менен алпурушуп алган, структуралык өзгөртүүлөрдү кылып, элди кызматтан айдай баштаган.
Экономикалык маселелерди биринчи чечкенге аракет кылыш керек эле. Анткен эмес, анан элдин нааразылыгы күчөгөн. Мен ойлойм, муну бул деңгээлге жеткирбеш керек болчу. Албетте бул маселе Кыргыз өкмөтү, президент, кыргыз бийлиги тарабынан чечилет, муну губернатор чечe албайт.
Бирок туура маалымат берип, Акүйгө президентке туура маалымат жеткирип туруш керек эле. Ошону жеткире албагандыктан, элге ээ болбой калгандыктан ушул акыбалга жетти. Элдин нааразылыгы бир топ эле деңгээлге жетип калган, апогейи деп айтып атпаймбы.
Бирок нарындык туугандардын бир жакшы жери - бир гана социалдык-экономикалык, тариф маселеси, Жетим-Тоо, Ак-Сай, Арпа ушундай гана маселелерди коюп атат. Саясаттагы "тиги кетсин, бул кетсин" деген маселелерди койбой атканы жакшы.
Бирок биздин Бишкектен келген оппозициячыл, саясатчы адамдар, мен аларды аябай сыйлайм, бирок алар саясатка бурганга аракеттерди көрүп атат.
- Сиздин пикирде бул жерде канча киши турат деп ойлойсуз?
- Бул жерде 4-5 миңдин айланасында адам турат деп ойлойм.
- Митингде талаптар коюлуп атат, ушулар канчалык деңгээлде ишке ашат, элдин мүдөөсү аткарылат деп ишенесизби?
- Электр энергия боюнча, башка маселелер боюнча көп маселелерди Акылбек Жапаров премьерге, президентке кирип чечүүгө аракет кылып, көп маселелер азыр иштелип атат. Президент аябай катуу ойлонуп атат бул маселе боюнча.
Эми экономикалык талаптарды коюп аракет кылса сөзсүз түрдө аткарыларына мен ишенем. Анткени бул жерде жети ай кыш болот да. Баткен менен Нарынды башка облустарга салыштырууга болбойт. Азыр эми саясатчылар көтөрө турган болсо, анда кыйын болуп калат.
- Мындан беш жыл мурун дагы ушундай окуя болуп кетти эле, бийликтин алмашуусу менен аяктады эле. Ошол беш жылдык окуя кайталанып кетет деп ойлобойсузбу?
- Эл чыгып атканы ошого окшоп атат. Бирок ал жакта "Акаев кетсин", мурдагы бийлик кетсин деген саясий талаптар коюлган. Бул жерде карапайым эл андай маселе койгон жок, карапайым элге экономикалык күндөлүк маселени чечиш керек. Электр энергия, жылуулук маселелери көбү өкмөт тарабынан кичине туура эмес иштелип чыккан. Ошону гана коюп атат.
Оппозициянын өкүлдөрү, атайын саясатчылар келип саясатка которуу аракеттерин көрүп атат. Ал кезде Акаевдин бийлиги ыдырап ишпалдасы чыгып калган. Азыр болсо бийлик күчтүү турат, көп маселелерди чечип атат. Ачыгын айтканда кыргыз өкмөтү көп жагынан начар иштеп атат, президентти аябай сөзгө калтырып атат.
- Президенттин уулу Максим Бакиевди бир жуманын ичинде Кыргызстандан чыгып кетсин, бүт бийликтин баарын ээлеп алды деп атышат?
- Биринчиден, ал киши Кыргызстандын жараны, мамлекеттик кызматта иштеп атат. Мен президенттин саясатына кийлигише албайм, кимди коет, эмне кылат өз иши. Коюп атат, иштеп атат. Бул жыйынды азыр кадр маселесине кийлигиштире баштасак, анда аягына чыкпайт. Саясий чоң жыйын кадр маселесине кийлигишпеш керек, аны президент, премьер чечет, кимди коет, эмне кылат, өзү билет.