Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Пан Ги Мун: Улуттар Уюмуна жардам керек


Нью-Йорк -- Баш катчы Пан Ги Мун Коопсуздук Кеңешинин жабык жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Нью-Йорк -- Баш катчы Пан Ги Мун Коопсуздук Кеңешинин жабык жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бейшемби күнкү жабык жыйында Ооганстандагы жагдайды талкуулады. Уюмдун бул өлкөдө иштеген кызматкерлерин коргоо үчүн баш катчы Кеңештин мүчөлөрүнөн жардам сурады.

Ушундай эле өтүнүч менен бүгүн Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын делегаттарына кайрылганы жатат.

Ооганстандагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына бир аптадай убакыт калганда бул өлкөдө кырдаал кескин курчуду.

"Шайлоону колдогонубуз үчүн биз башкы бута боло баштадык", - деп айтты баш катчы Пан Ги Мун жыйындан кийин журналисттерге. Бейпилдик күчтөрүн эске албаганда, ушул жылдын башталышынан бери эле уюмдун миссиясында иштеген 27 кызматкердин өмүрү кыйылды. Алардын көбү Ооганстанда, калганы Пакистанда набыт болду.

Ушул аптада эле Кабулда талиптер уюмдун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясына кол салышты, беш кызматкерге ок жаңылды, жоон тобу жарадар болду. Пан Ги Мун кеңсе кайтарган күзөтчүлөрдүн эрдигин жогору баалады.

"Коопсуздук Кеңешине миссияны кайтарган офицерлердин каармандыгын маалымдадым, бери дегенде бир саат ичинде алар кол салгандардын мизин майтарып, талиптер менен имараттын ичинде жана чатырында аткылашты, кызматкерлерди калкалап, жашынып калганга мүмкүндүк беришти. Болгондо да автоматчан талиптерге күзөтчүлөр жалаң тапанча менен каршы турушту. Алардын мындай эрдигисиз курмандыктар көп болмок",-деп айтты баш катчы.

Кечээги жабык жыйындан саал мурдараак баш катчы уюмдун миссиясы Ооганстанда кала турганын бышыктаган эле. "Кырдаалды реалдуу баалап, кызматкерлерди коргоонун алда канча натыйжалуу чараларын көрүшүбүз керек, анткени алар маанилүү милдеттерди аткарып жатышат",- деп көрсөттү Пан Ги Мун.

Бул жагынан баш катчы Коопсуздук Кеңешине алдыдагы бир нече күн ичинде аткарыла турган айрым тыкыр чараларды сунуш кылды. "Кыска мөөнөтүү кечиктирилгис кадамдарды карап жатабыз.Кабулда жана жалпы өлкөдө миссиянын кызматкерлерин бириктирүү, аларды күзөткөнү кошумча коопсуздук күчтөрүн тартуу пландалууда. Бул иштерде эл аралык коомчулуктан бизге жардамдашууну суранабыз",-деп билдирди баш катчы.

Пан Ги Мун ушундай эле маанидеги чакырык менен бүгүн Башкы Ассамблеянын мүчөлөрүнө кайрылганы жатат. Бейшемби күнү ал дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө иштеп жаткан уюмдун миссия башчылары менен телеконференция өткөрдү.

Коопсуздук Кеңеши баш катчынын жабык жыйындагы билдирүүсүн бир добуштан бекитти.

XS
SM
MD
LG