Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

А. Гутериш эл аралык коомчулукту Кыргызстанга көмөктөшүүгө чакырды


БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гутериш Жалал-Абадда тополоңдон жабыркаган адамдар менен жолукту
БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гутериш Жалал-Абадда тополоңдон жабыркаган адамдар менен жолукту

1-июлда БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гутериш Жалал-Абад облусуна келди.

Ал жергиликтүү бийлик башчылар жана май-июнь айларында баш аламандыктан жабыр тарткан адамдар менен жолугушуп, Жалал-Абаддагы кырдаалды билип кетти. Эл менен жолугушканда ал өзгөчө көңүлдү бардык улуттардын укуктарын бирдей сактоо маселесине буруу менен эл аралык коомчулукту Кыргызстанга жардам берүүгө чакырды.

Соңку учурларда эл аралык коомчулуктун көңүлү улуттар аралык жаңжалдан жабыркаган Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарына бурулду. БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары Антонио Гутериш да 1-июлда Жалал-Абадга келип, бийлик өкүлдөрү жана тополоңдон жабыр тарткан адамдар менен жолугушту. Губернатордун эки орунбасарынын кабыл алуусунда болгон баш комиссар баш аламандыктардан улам Өзбекстанга качкан 43 миң адам кайра үйлөрүнө кайткандыгын, Анжиян облусунда дарыланып келаткан жалал-абаддык 156 адамдын экинчи тобу бүгүн Жалал-Абад облусуна чек арадан өткөрүлөөрүн укту.

Губернатордун орунбасары Кадырбек Жакыповдун айтымында, качкындар комиссарынын келүүсү облуста ынтымак менен тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзөт. Антонио Гутериш Жалал-Абадда БУУнун качкындар боюнча атайын өкүлү иштерин билдирди. Аталган уюм облуска колунан келген жардамын көрсөттү, деп айтты Кадырбек Жакыпов БУУнун баш комиссары Жалал-Абад аба бекетинен Бишкекке учуп кеткенден кийин.

Качкындар боюнча баш комиссар Антонио Гутериш Жалал-Абад шаарында өрттөлгөн жана таланып-тонолгон мамлекеттик имараттар менен жеке адамдардын турак-жайларын да көрүп чыкты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берген жобунда Кыргызстандагы стабилдүүлүк Борбор Азия мамлекеттери жана бүткүл дүйнө өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү экендигине токтолду.

Бишкекке жеткенде өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева менен кайрадан жолугушуп, Жалал-Абад, Ош жергесиндеги кырдаал боюнча сүйлөшөөрүн жана эл аралык коомчулукту Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө чакыраарын билдирди:

- Биз өз көзүбүз менен бул жердеги трагедиялык кырдаалга күбө болдук. Чындыгында Кыргыз Республикасы бул жерде эмне жасай алат? Ал бардык коомчулукту чогултуп, кыргыз, өзбек жана орустардын бирдей тең укугун камсыз кылуусу керек. Эл аралык коомчулук да жооптуу деп ойлойм, мен эл аралык коомчулукту Кыргызстанды кайра курууга чакырам. Анткени, Кыргызстан жакыр өлкө, – деген оюн билдирди БУУнун качкындар боюнча баш комиссары Антонио Гутериш.

Ал менен жолугушкан кезде Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундары ушу тапта улут ажыратуу эмес, эл үчүн тынчтык маселеси бөтөнчө маанилүү экендигин билдиришти.

Шаардын Гүлтаажи Адамбаева аттуу өзбек тургуну менчиктештирилген өнөр жай ишканалары да иштебей, жумушсуз болгондуктан базарда соода-сатыктан тапкан үй-жайы өрттөлүп, үй-бүлөсү менен баш баанексиз калгандыгын айтты.

Жалал-Абадга жардам алып келген эл аралык уюмдар баш аламан иштөөдө. Анткени алар жергиктүү кырдаалды толук өздөштүрбөстөн кайрымдуулук жардамдарын өз ыктыярлары менен туш келди таркатууда делген сындар айтылууда.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Мейманбү Акжолова эл аралык уюмдардын жардамында калыстык болуш үчүн аларды жергиликтүү бийлик менен биргелешип иштешүүнү сунуш кылды:
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG