Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кай Эйде шайлоодогу мыйзамсыздыктарды ырастады


Ооганстандын шайлоокомунун кызматкерлери добуштарды кайра санашууда. 5-окятбрь 2009-ж.
Ооганстандын шайлоокомунун кызматкерлери добуштарды кайра санашууда. 5-окятбрь 2009-ж.

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы өлкөдө 20-августта болгон президенттик шайлоодо көп сандаган мыйзам бузуулар болгонун ырастады.

Кай Эйде 11-октябрда Кабылда жасаган билдирүүсүндө Ооганстанда август айында болгон президенттик шайлоодо добуштар орой бурмаланганын тастыктады. Бирок ал өзүнүн мурдакы орун басары Питер Гэлбрейттин анын ысмына айткан айыптоолорун куру жалаага чыгарды.

Гэлбрейттин сөзүнчө, Эйде көп сандаган орой мыйзам бузуулар жөнүндөгү маалыматтарга көңүл бурбай президент Карзайды колдогон. Мындай тирешүүдөн улам Гэлбрейт эки апта мурда кызматтан алынган.

Добуштарды уурдап жазууларды Ооганстандын БШКасы да тастыктап, бардык бюллетендердин 10 процентке жакынын кайра санап жатышат.

БУУнун Ооганстандагы атайын чабарманы Кай Ейде. Кабыл. 10-октябрь 2009-ж.

Норвегиялык дипломат Эйде шайлоочулардын добуштарын уурдап жазуу кеңири жайылганын жана ал жетектеген миссия Ооганстанда чоң кыйынчылыктар менен иштеп жатканын белгилеп өттү:

-Бул өтө катаал жараян болду. Шайлоо көптөгөн проблемалар менен коштолду, бурмалоолор кеңири жайылган көрүнүшкө айланды. Мунун баары менин көңүл чордонумда болду. Ооганстанды бул жараян аркылуу өткөрүү жана өлкөдө демократияны орнотуу абдан маанилүү. Мен өз мандатымды эл аралык коомчулуктун колдоосу менен жүзөгө ашырдым.

Эйде америкалык Гэлбрейттин айыптоолору анын жеке өзүнө эле эмес, Ооганстандагы шайлоо жараянына сөз тийгизет деп да даттанды:

-Мени мурдакы орун басарымдын каралоолору жеке мага, менин абийириме гана чабуул жасоо эмес. Чабуулдун бүтүндөй шайлоо жараянына таасир эткени талашсыз.

Гэлбрейт Ооганстандын кооптуу аймактарында ачылган шайлооканалар добуштарды бурмалоого ыңгайлуу шарт түзгөнүн да айтып, Эйдени сындаган.

Эйденин айтышынча, добуштарды уурдап жазуулар текшерилип жаткандыктан, анын шайлоо жыйынтыгына кандай таасир эткенин азырынча так айтуу кыйын.

Кай Эйде өткөргөн маалымат жыйынына АКШ, Британия жана Франциянын элчилери да катышты.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, Ооганстандын азыркы президенти Хамид Карзай үчүн шайлоочулардын 55 проценти добуш берген. Анын негизги атаандашы Абдулла Абдулла 28 процент чамасында добуш алган.

Президент Карзай өзү да жекшемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, чет өлкөлүктөр менен Батыштын кийлигишүүсү Ооганстандын

Президент Хамид Карзай

алга жылышына тоскоол болуп жатканын айтты:

-Ооганстан коопсуздук проблемасын ар күнү баштан кечирет, улуттук кирше азайууда, коопсуздук маселеси курчууда. Мунун баары күнүмдүк иштерге тескери таасир этет. Жакынкы күндөрү шайлоонун жыйынтыгы жарыяланып, Ооган эли өз келечегин билет жана четэлдик пропаганда жана батыштык айрым элементтер түзгөн башаламандык токтойт деп ишенем.

Президенттикке талапкерлер менен байкоочулар айткан фактыларды Ооганстандын БШКсы жана Даттануулар боюнча комиссиясы иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы келерки жумада жарыяланат.

XS
SM
MD
LG