Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

АКШда да кризистин түбү көрүнө элек


АКШ -- Финансы министри Тимоти Гайтнер кризистен чыкканга аз калдык деп айтуу али эрте экенин ырастады.
АКШ -- Финансы министри Тимоти Гайтнер кризистен чыкканга аз калдык деп айтуу али эрте экенин ырастады.

АКШда он тогуз банкта өткөрүлгөн "стресс-тест" деп аталган сынамыктын алгачкы жыйынтыктары чыгарылды.Ал толугу менен 4-майда жарыяланат. Америкалык эксперт Уилям Нискэнен болсо алиге чейин өкмөт кризистин табиятын түшүнө элек деп эсептейт.

Уилям Нискэнен учурунда Роналд Рейгандын экономикалык кеңешчилер тобунда иштеген,азыр Вашингтондогу саясий изилдөө борборуна караштуу Като институтуна төрагалык кылат.

Нискэнен былтыр октябрда конгрессте кабыл алынган Troubled Asset Relief Program (TARP) же "Полсон планы" деп аталган программага ичи чыкпагандардын бири.

"Менимче, TARP жете ойлонулган эмес.Анын түп негизи жаңылыш түшүнүктөн түптөлгөн. Полсон Уол-стриттеги банктардын проблемасын акча каражатынын тартыштыгына – ликвиддүүлүк проблемасына байлап, алар өкмөттөн көп капитал алышса, кредит күр тартып, күч алат деп ойлогон. Бирок банктар бирин-бири кредиттебейт. Анын үстүнө балээнин баары ликвидсиздикте эмес, ачык-айкындык проблемасында жаткан",-дейт ал.

Нискэнен "азыркы экономикалык кризисти кооптуу бир катар ипотекалык кредиттердин наркын инвестициялык бир ченемге айлантып салгандан" көрөт.

"Дүйнөлүк экинчи согуштан бери АКШ он эки ирет рецессияга туш болгон,бирок анын жалпы финансылык кризис менен коштолгон учуру биринчи жолу болуп отурат. Ошондуктан анын аргасы да таптакыр жаңы болушу керек эле".

Президент Обаманын,көптөгөн баяндамачылардын кризисти ашынган ачкөздүктөн көрүп жатышканына да Нискэнен анчейин ынанбайт. "Ич тардык,сугалактык канча мезгилден бери эле боло келген көрүнүш, андайлардын обуру ого бетер ачылып кетти дегенге да жетерлик жүйөө жок",- дейт ал.

Нискэнен өкмөт ушу кезге чейин азыркы кризистин себеп-жөнүн так биле элек, адегенде анын түп башаты кайда экенин аныктап, табиятын так аңдап-таанып алуу зарыл деп эсептейт. Кризистин илээси да ошого жараша болушу керек.

Экономикада "үмүттүн шооласы" көрүнө баштады деген билдирүүлөргө токтолуп, жалпысынан Нискэенен өкмөттүн жогорку даражалуу өкүлдөрү кризис маалында элдин ишенимин артырганы жатышканы жаман эместигин моюнга алды. Бирок кризистин түбү азыр көрүнө элек, ал,балким, жыл этегине барып,же андан саал эртерээк буластап билине башташы мүмкүн.

Финансы министри Тимоти Гайтнер да туюктан чыкканга жакын калдык деп айтуу али эрте экенин ырастады. Ошентсе да айрым рыноктордон жупуну өсүштөр байкала баштаганын белгилеп, алардын катарында АКШнын турак-жай рыногун да атап өттү.

Өткөн аптада Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору жарыялаган прогноздордо азыркы экономикалык кризис гуманитардык алааматка айланып баратканы айтылды.

Ушу күнгө чейин эле ал дүйнөдө 50 миллион кишини жакырчылыкка кептеди.Быйыл жыл этегине чейин андайлар 90 миллионго барышы ыктымал. Такай тоюна тамак жебегендер саны бир миллиарддан ашышы мүмкүн.

Экономисттер кризистен африкалык өлкөлөр өзгөчө жабыркайт дешет.

XS
SM
MD
LG