Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Обама: Экономикада оңолуу белгилери бар, бирок оор күндөр аяктай элек


Барак Обама экономика жөнүндө Жоржтаун университетинде сүйлөп жаткан учур. Вашингтон, 14-апрель, 2009-ж.
Барак Обама экономика жөнүндө Жоржтаун университетинде сүйлөп жаткан учур. Вашингтон, 14-апрель, 2009-ж.

АКШ президенти Барак Обама амеркалыктарды экономиканы жандандыруу боюнча пландын натыйжаларын сабырдуулук менен күтүүүгө чакырууда. Анткени экономикадагы азыркы рецессия тез эле аяктай койбойт. Кечээ Вашингтондогу Жоржтаун университетинде сүйлөгөн сөзүндө Обама өзүнүн экономикалык саясаты натыйжа бере баштаганына токтолуп, өлкө каржылык күч-кубатка кайрадан толоорун божомолдоду.

Жоржтаун университетиндеги сөзүндө Барак Обама азыр “оор учур” экенин моюнга алды, бирок ага катар экономикадагы жаңылыктардан “үмүттүн шооласы” көрүнүп жатканына токтолду. Обаманын ырастоосунда, ошол жакшы жаңылыктарды жарым-жартылай өзүнүн экономиканы жандандыруу программасы, анын ичинде экономиканы стимулдаштыруу боюнча 787 миллиард доллардык планы алып келүүдө:

- Үч айга жетпеген убакыт мурда эле экономикалык көйгөйлөрдүн адаттан тыш топтомуна биз адаттан тыш чаралар менен жооп бердик. Масштабы жана ылдамдыгы жагынан буга чейин андай аракеттер болгон эмес.

Обаманын айтымында, элдик акчанын эсебинен жүргүзүлгөн ошол чаралардын натыйжасын жумуш орундардын кыскартуу боюнча мурда мерчемделген пландардын токтотулуусунан, таза энергия менен иштеген ишканалар жумушка алгандар саны көбөйгөнүнөн, банктар үй, автоунаа сатып алууга, атүгүл кичи бизнести кеңейтүүгө насыя берип жатканынан байкоого болот.

Бирок Барак Обама жакшы жаңылыктардын бул үркөрдөй топтому эле АКШ үчүн “оор учурлар аяктады” дегенди туюндурбасын эскертти.

- Бул рецессиянын күчү калбай калганга чейин али дагы жумуш орундарын жоготот, күрөөдөгү мүлктү сатып алуу укугунан ажыратат. Рыноктун өсүүсү жана төмөндөөсү уланат. Кредит алуу али оңой эмес. AIG (банкрот болгон ири камсыздандыруу компаниясы) компаниясын, автомобиль ишканаларын реструктризациялоо жараяны татаал жана популярдуу эмес кадамдарга барууну да талап кылат. Мунун баары али көп иш жасалуусу керек дегенди билдирет.

Барак Обама белгилегендей, экономиканы жандандыруу планы ийгилик табыш үчүн эки нерсе: америкалык экономиканын жерпайы жана өлкөнүн саясий багыты радикалдуу түрдө өзгөрүүсү зарыл.

Маселен экономикада, Обаманын айтымында, тобокелчил инвестициялардын эсебинен жан баккан каржы сектору үстөмдүк кылбоосу керек. Таразанын ташын төлөй аларлык саламаттыкты сактоо тармагы, билим берүү жагы жакшырган, таза жана калыбына келип туруучу энергияга артыкчылык бергени менен мүнөздөлгөн экономиканы көздөй оодаруу абзел.

Ал эми саясаттагы зарыл өзгөрүүлөргө токтолуу менен Обама маалымат каражаттарынын саясий ыйкы-тыйкылыктарга ашепки кызыгып кеткенин, Конгрессте тигил же бул тарапты колдоо тамыр жайганын сынга алды:

- Вашингтондо көптөр оор чечимдерди узактан бери улам кийинки күнгө калтырып келишти. Жеңди түрүнүп, реалдуу көйгөйлөрдү чечкендин ордуна убакыттын көбүн саясий упай алуу үчүн сарптаган тенденция өкүм сүрдү.

Муну менен бирге АКШ президенти Конгрессти эми саясий эркин көргөзүп, каржы секторунун акыркы жыйырма жылдагы осол жүрүм-турум кайталануусуна жол бербей турган эрежелерди кабыл алууга жана ишке киргизүүгө чакырды.

Качан өлкөнүн экономикалык жана саясий жерпайы кайрадан жана туура түптөлгөндө гана, Обаманын айтымында, АКШ экономикалык күч-кубатына кайтып келет:

- Биз экономиканы кумдун ошол эле үймөгүнүн үстүндө кайра тикелей албайбыз. Биз үйүбүздү аскада курушубуз керек. Өсүш жана бакыбатчылык үчүн бизди карыз алуу жана коротуу доорунан, сактоо жана инвестициялоо, аз керектеп, четке көп экспорттогон доорго көчүргүдөй жаңы жерпай жаратуубуз абзел.

Айтор Барак Обаманын Жоржтаун университетиндеги сөзү анын экономиканы кайра жандандыруу планы ага эл ынанмайынча ийгилик таппайт деген ишенимин чагылдырып тургансыды.

Ушундай эле ой 1930-жылдары ал кездеги америкалык президент Франклин Рузвельтти экономикадагы абал тууралуу элге айтып туруу үчүн такай радиону колдонууга алып барган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG