Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:21

“Поп-музыканын падышасы” 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү


“Поп-музыканын падышасы” Майкл Жексон 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Ал жашаган Лос-Анжелес шаарынын расмий өкүлдөрдүн айтымында, ырчы жүрөгү токтоп калды деген шек менен үйүнөн ооруканага шашылыш жеткирилген. Майкл Жексон поп-музыканын дүйнөсүнө сенсацияны XX кылымдын экинчи жарымында алып келген.

Майкл Жексон 1982-жыл
Ырчынын бир тууганы Жермэйн Жексондун айтымында, Калифорния университетиндеги медициналык борбордун дарыгерлери Майкл Жексонду эсине келтирүү үчүн бир сааттан ашуун аракеттеништи, бирок оң натыйжа болгон жок.

Майкл Жексондун өлүмүнүн себептери боюнча дарыгерлердин расмий тыянагы азырынча чыга элек. Бирок ырчы инфаркттан каза тапкан болушу мүмкүн деп айтылууда.

Жексон узакка созулган тыныгуудан кийин концерттик ишмердүүлүккө кайтууга камданып жаткан. Келерки айдын ортосунда анын Лондонго гастролу белгиленген экен. Анын көптөн күтүлгөн концертине билеттер дароо эле сатылып кеткен.

2006-жыл
Ырчылык карьерасынын учурунда Жексондун дүйнө боюнча сатылган альбомдорунун нускасы жүз миллиондоп саналган. Анын жылдызы жанган учур XX кылымдын экинчи жарымына туура келди.

Жексондун “Триллер” деген ат менен 1982-жылы чыккан жыйнагы поп-музыканан тарыхында эң көп сатылган альбом болуп, нускасы 40 миллиондон ашкан.

Ошол эле учурда Майкл Жексондун адаттан тыш жүрүмү, өң-келбетин бир нече ирээт өзгөртүүсү анын ырчылык карьерасына көлөкө түшүргөн.

Жексондун артында үч баласы, ата-энеси, сегиз бир тууганы калды.

Белгилүү ырчы Майкл Жексон дүйнө салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:37 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG