Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

АКШ – Орусия келишиминин жаңылануу мөөнөтү кечигиши мүмкүн


Өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди даярдоонун жүрүшү жөнүндө эки президент Сингапурда ушул аптада болгон жолугушуусунда да сөз кылышты.
Өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди даярдоонун жүрүшү жөнүндө эки президент Сингапурда ушул аптада болгон жолугушуусунда да сөз кылышты.

АКШ менен Орусия Стратегиялык же өзөктүк куралдарды кыскартуу келишимин жаңылоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөр техникалык маселелерден улам тоскоолдукка кабылган.

“Интерфакс” кабар агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме жасап таратка маалыматка караганда, Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишиминин (англисче авбревиатурасы – START) жоболору документтин мөөнөтү 5-декабрда аяктагандан кийин да күчүндө кала берет.

Бирок айрым байкоочулардын пикиринде, мындай жагдай АКШ президенти Барак Обаманын администрациясы үчүн көйгөй жаратуусу мүмкүн. Обама орус президенти Медведев менен жаңы келишимге келерки айда Европага келгенде кол коюуга үмүттөнүп жаткан. Ал Европага 10-декабрда ыйгарылуучу Нобел Тынчтык сыйлыгын алуу үчүн келиши керек.

Барак Обама орус кесиптеши Дмитрий Медведев менен 15-ноябрда Сингапурда, Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитиинин соңунда жолуккан кезинде алардын максаты – сүйлөшүүлөрдү аяктоо жана келишимге жыл аягына чейин кол коюуга жетишүү экенин айткан. АКШ президенти кошумчалагандай, ал буга катуу иштегенде жана кийинкиге калтырууга болбойт деген маанай өкүм сүргүндө жетишүүгө болоруна ишенет.

Бирок АКШ жана Орусия адистеринин ошол Сингапурдагы жолугушуусунда эң талылуу жана кыйын - кычыктуу маселе – эки тарап бири-биринин өзөктүк жайларына инспекцияны кантип жүргүзүүсү экендиги да анык болгон.

“Орусия глобалдык саясатта” деген журналдын редактору Феодор Лукьянов түзүлгөн жагдайды “Азаттык жана Эркин Европа” үналгысына мындайча чечмелеп берди:

- Эгер соңку бир нече күндө чыгып кеткен маалыматтарга ишенсек, сөз текшерүүнүн системасы жана жол-жобосу боюнча пикир-келишпестиктер жөнүндө жүрүп жатат. Атап айтканда, орусиялыктар америкалык тарап киргизген сунуштарга макул болгон жок.

Федор Лукьянов кошумчалагандай, буга окшогон сүйлөшүүлөрдө кармалган негизги принцип - баары макулдашылмайынча, эч нерсе макулдашылган жок дегендик. Андыктан тараптар макулдашыла эле жалгыз маселе калса да , келишимге жетиштик деп айтууга негиз жок деп эсептешет.

Орус жана АКШ президенттери өз өлкөлөрүнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын 7 жылдын аралыгында 1500дөн 1675 чейин кыскартууну быйыл июлда Москвада жолуккан кезинде макулдашкан.

Кеннет Бенедикт (Kennete Benedict) - атомго адистешкен америкалык окумуштуулардын бюллетенинин аткаруучу директору. Анын көз карашында, орус Тышкы иштер министрлигинин Статегиялык куралдар борюнча мурдагы келишим мөөнөтү аяктагандан кийин да күчүндө кала берет деген маалыматы оң жышаан:

- Мен муну абдан эле оң жышаан катары кабыл алдым. Анткени, Стратегиялык куралдар келишиминин мөөнөтү 5-декабрда аяктайт жана аны узартуу боюнча жоболор бар. Узартуу болсо абдан маанилүү. Себеби текшерүү чаралары кыйла эле машакаттуу иш. Биздин инспекторлор Орусияда, алардыкы АКШда турат. Эгер келишим узартылбаса, биздин инспекторлорго Орусиядан, алардыкына АКШдан кетүүгө туура келет жана биз буга чейин орноткон ишеним бузулуп, жыйынтык макулдашууга жетүүнү дагы кыйындатуусу мүмкүн.

Кеннет Бенедикт “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалгандай, ал Обама менен Медведев келишимге жакын арада, балким жыл аягына чейин кол коюша алат деген ишенимде. Бирок иштин эң кыйыны, адистин пикиринде, АКШ Сенатын документти ратификациялоого көндүрүү.

Болочок келишим өзөктүк дүрмөттөрдүн, платформалардын саны кыскартууну карарын эске алганда, аны Сенаттан өткөрүү оңой-олтон иш эмес деген пикирлерге Вашингтондогу изилдөө борбору - Америка ишкерчилик институтунун стратегиялык изилдөөлөр боюнча директору Гарри Шмитт (Gary Schmitt) да кошулат. Бул талдоочунун көз карашында, сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки бөлүгүнө тоскоолдук кылган жагдайлардын бири – Москаа куралды Вашингтон каалагандан да көп кыскартууну көздөгөнү:

- Менимче Обама администрациясынын мамилесиндеги көйгөйлөрдүн бири – алар куралды көзөмөлдөө келишимине биз муктаж болгондой аракеттенгени. Иш жүзүндө муну көздөгөн орустар болду да. Анын эң башкы себеби - жаңы куралды жасоо эбегейсиз акча талап кылынганы. Экинчиден алардын колундагы куралдын көбүнүн эскилиги жеткен жана катардан чыгарылышы керек. Кимдир бирөөлөр мага Москвадагы соңку аскерий парадда көргөзүлгөн кээ бир ракеталарды дат басып кеткенин айтышты.

Гарри Шмитт белгилегендей, Орусия да, АКШ да Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимге жетүүнүн акыркы мөөнөтү катары 5-декабрды карманбаганы жакшы жаңылык. Себеби эки тарап мурдагы келишимди узартуу менен жашай алгандыктан, алардын болочокку сүйлөшүүсү үчүн аларга жетиштүү убакыт берүү керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG