Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Борборазиялык мигранттар АКШда калуу жолдорун издешүүдө


Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта кыргызстандык 800 миңге жакын киши чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияга агылганы менен, океандын аркы жагынан иш издеп кеткендер да аз эмес. Кыргызстандык изилдөөчү, АКШдагы Виржиния университетинин профессор жардамчысы Салтанат Либерт ошол мигранттардын жашоо-турумушу, алардын Америкага кандай жолдор менен келгенин иликтеп чыккан.

Салтанат Либерт изилдөөсүнө Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Грузиядан келген 50 чакты мигрантты тарткан. Алардын 75 проценти жогорку билимдүү, кээ бирлери атүгүл илимий даражага ээ болуп чыкты. Көптөрү ири шаарлардан келген, өз өлкөлөрүндө орто класска кирчү, жаш курагы орточо алганда 30-50 жашты түзөт.

Мыйзамсыз мигранттарды саны белгилүү бообосо да, алардын океандын ары жагынан акча табуу максаты менен келип жатканы айдан ачык.

Алда канча алыс болгону менен Америкада Россиядан айырмаланып, көбүрөөк акча табуу мүмкүнчүлүктөрү арбын жана ксенофобия, улутчулдардын кол салууларына кабылуу коркунучу азырак.

Иликтөөгө катышкан мигранттардын жарымынан көбү АКШга туристтик виза менен келген. Ал үчүн алар ортомчуларга акча төлөйт, ортомчу өз кезегеинде чакыруу кагазын жиберген америкалык жаранга акча берет. Бирок 11-сентябрь теракттарынан кийин андай виза алуу кыйын болуп калды. Андыктан эл башка жолдорду издей баштады:

Ишеничтүү жолдордун бири чиновниктерге пара берип, өкмөттүк расмий делегациянын курамына кирип калуу. Адатта делегацияны түзүү 1 же 2 адамга жүктөлөт. Алар үчүн бул чоң акча жасоонун мүмкүнчүлүгү. Мигранттардын айтымында, делегацияга камтылуу үчүн алар 7 миңден 10 миң долларга чейин пара беришкен. Андан тышкары учак билетин да өздөрү төлөшкөн. АКШ консулдугунда иштегендер үчүн кимиси чындап иш сапарына жөнөп жатканын айырмалоо кыйын.

Либерттин ырастоосунда, мурдагы биринчи айым Майрам Акаеванын “Мээрим” фондусу мигранттар үчүн өзгөчө ыңгайлуу жол болчу. Алар ар кандай окууга жиберилген кайрымдуулук чөйрөсүндө иштеген кызматкерлер менен кошо АКШга чыга алчу.
Азыр болсо Америкага визит менен барган расмий делегациялардын саны да кыскарууда. Мигранттар башка алда канча кооптуу жолдорду табышат:

Грузиялык ортомчулар мексикалык аткесчилер менен жакшы байланыш түзүп алышкан экен. Алар потенциалдуу мигранттарга Мексикага туристтик виза алууга жардам беришет. Анан Аризона аркылуу чегарадан мыйзамсыз өткөрүшөт. Кээде ал сапар 12 саатка, айрым учурда 4 күнгө да созулушу ыктымал. Тамак-ашы, суусу жок жолго чыккан адамдар арасында кээ бир учурларда чыгымдар да болот деп болжолдоого негиз бар.

Борборазиялык мигранттар жогорку билимдүү болгону менен, өлкөгө мыйзамсыз жол менен келгендиктен жана англис тилин билбегендиктен, адатта алар аз төлөнгөн жумушка алынат. Буга карабай, алар акча үнөмдөп маяналарынын 80 пайызына чейин үйлөрүнө жиберип турушат. Жана көптөрү мекендерине кайтуунун ордуна Америкада узак мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүктөрүн издешүүдө.

XS
SM
MD
LG