Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

СССР-АКШ: “ашканадагы аңгемеге” 50 жыл


Никита Хрущев АКШ көргөзмөсүндө Пепсинин даамын татканын Ричард Никсон тигиле карап турат. Москва, 24-июль, 1959-ж.
Никита Хрущев АКШ көргөзмөсүндө Пепсинин даамын татканын Ричард Никсон тигиле карап турат. Москва, 24-июль, 1959-ж.

1959-жылдын 24-июль күнү Москвада АКШнын алгачкы көргөзмөсү ачылып, бул окуя “кансыз согушту” жаңы нукка бурган көрүнүш катары бааланган.

Көргөзмөнүн ачылышына Американын вице-президенти Ричард Никсон жана СССРдин ал кездеги лидери Никита Хрущев катышып, бири-бири менен тамаша аралаш сүйлөшкөнү “музду жаргандай” эле көрүнүш болгон.

Москвадагы Сокольники паркында америкалык инженер, дизайнерлер АКШ өнөр жайы менен эл турмушунун жетишкендиктерин советтик жарандарга алгачкы ирет көргөзө алышкан. Америкадан алынып келинген кир жуугуч машинелер, отургучтары кайыш менен капталган кооз жеңил машинелер, түстүү сүрөт чыгарган Polaroid камерасы, бир үй бүлө үчүн курулуп жасалгаланган америкалык стандарттуу эки кабат үй – ушулардын баарын 2 миллиондон ашуун советтик адам өз көзү менен көрүп жарманкени кыдырган. Ал көргөзмөнүн башкы максаты – советтик атуулдарга “капитализм коммунизмге караганда мыкты экенин көргөзүү эмес, америкалыктарды жакындан тааныштыруу болгон”, дейт жарманкенин башкы дизайнери Жэк Мэйси.

- Тилекке каршы, Америкалык көргөзмөлөрдү уюштурууда, салтка айлангандай, бизге жетиштүү акча берилген эмес. Каражат тартыш эле. Мисалга айта кетейин, Москвадагы көргөзмөнү уюштурууга болгону 3 миллион 600 миң доллар бөлүнгөн, андан мурунку жылы Брюсселде АКШнын жарманкесин өткөрүүгө андан 3 эсе көп каражат, 14 миллион доллар сарпталган эле.

Ошентсе да, Советтер Союзундагы көргөзмө абдан ийгиликтүү өткөн. Миңдеген көрүүчүлөр таң аткандан кезекке турушуп, америкалык эл чарба жетишкендиктери менен таанышып, өмүрүндө биринчи жолу Пепси-Коланын даамын татышкан. Ал кезде 16 жаштагы секелек кыз Татьяна Степанова окуяны мындайча эскерет:

- Баары абдан кызыктуу, таң калаарлык болгон. Мен ар бир павильонду шашпай кыдырып, тракторлорду да көрүп чыккам, баарын көргүм келген.

Көргөзмөнүн ачылышына катышкан АКШнын вице-президенти Ричард Никсон менен Советтик лидер Никита Хрущев америкалык ашкана эмеректери алдына келгенде кайсыл өлкө алдыда экенин тамаша аралаш талкуулай кетишкенин азыр youtube.com сайтындагы тасмадан көрсө болот. “АКШда колдонула баштаган түстүү телекөрсөтүү – азыркы заманда коммуникация, байланыш тармагы өсүп баратканынын белгиси, ушул коммуникация бизге, ошондой эле сиздерге да жаңы нерселерди үйрөтөт. Кантсе да, силер баарын билбейсиңер да”, - деп АКШ вице-президенти Никсондун тамаша аралаш айтканына чычалай түшкөн Хрушев: “Менин айткандарым сиздин кулагыңыз үчүн гана которулуп атат, Америка эли буларды эч убакта укпайт”, - деп АКШдагы саясий пропагандага ишара жасаган.

Эки лидердин ачык маанайда аңгемелешкен “ашканадагы баарлашуусу”, АКШнын Москвадагы алгачкы көргөзмө-жарманкеси - эки өлкө ортосундагы “музду” бир аз эриткени менен, андан эки жыл өтпөй советтик армия америкалык тыңчы-учакты атып түшүрүп, ага удаа Кубадагы кризистен улам ортодогу кастык атомдук согуш менен аяктай жаздаган. Ошентсе да, дал ошол 1959-жылкы көргөзмөдө АКШ менен Советтер Союзунун жетекчилери бири-бири менен кадимкидей баарлашууга жөндөмдүү экенин көргөзө алышкан. Жакында Барак Обама Москвага барганда, ал көргөзмөнүн жарым жылдык мааракеси конференция менен белгиленгени - Америка менен Орусия ортосунда байланыштарды өркүндөтүүгө бир топ шарттар бар экенин кайрадан далилдеди дешет эксперттер.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG