Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Майкл Жэксон киши колдуу болгонбу?


АКШда сот жарыялаган документте поп-жылдызы Майкл Жэксон күчтүү дарыны көп ичип алгандан улам көз жумгандыгы айтылат.

Сотко ылайык, поп-жылдызы пропофол деп аталган ооруну басуучу күчтүү дарынын таасиринен кайтыш болгон. Пропофолду дарыгерлер бейтапканада гана пайдаланышы керек, бирок Жэксон аны уктай албаганда үйдө ичип жүргөнү айгине болууда. Ырчы бул дарыны «мемиретип уктаткан сүт» деп атачу экен.

Жэксондун жеке дарыгери Конрад Мюррей бир нече жумадан бери киши өлтүрүү шектенүүсү менен сурак берип жаткан.

24-августта жарыяланган сот документтеринде поп-жылдызынын капилеттен көз жумушуна алып келген окуялар баяндалат. Жэксонду уктатыш үчүн Мюррей акыркы жарым жылда күн сайын ал уктаарда 50 миллиграм пропофол жана башка дарыларды берип келген.

25-июнда Жэксон уктай албай койгондо, таңга маал Мюррей ага беш жолу дары берет. Ал берген дарылардын арасында Валиум, Лоразепам, Мидезолам деген дарылар болгон.

Жэксон улам кайра сурап туруп алганда, Мюррей ага эртең мененки саат 10дон 40 мүнөт өткөндө канына 25 миллиграм пропофол куят.

Ооруну басуу боюнча адис доктор Грегори Смит ушул дүйшөмбүдө Жэксон бир гана пропофолдон өлгөнүнө ишене албай тургандыгын билдирди:

- Мен түшүнгөндөн, Мюррей полицияга Майкл Жэксонго 25 миллиграм пропофол бергендигин айткан. 25 миллиграм - бул аз эле болот. Андан адам бир нече мүнөт уйкусурашы мүмкүн, бирок ал өлүмгө алып келбейт. Ошондуктан, ырчы башка эч нерсе ичкен эмес дегенге мен ишене албайм. Анын канында эбегейсиз зор көлөмдө башка дарылар болгондо гана ушундай болушу мүмкүн болчу.

Жэксондун кан тамырына дары куйгандан кийин Мюррей дааратканага чыгат. Эки мүнөткө жетпей кайтып келсе, ырчы дем албай калган болот. Мюррей ырчыны дем алдырууга аракеттенет. Ага уктатуучу дарынын күчүн кетирүүчү Флуманезил деген дары куят.

Бирок Мюррей тез жардамды көптө барып чакырган. «Ню-Йорк Таймстын» жазышынча, Жэксон дем албай калгандан 82 мүнөт өткөнгө чейин тез жардамдын номерине эч ким чалган эмес. Ошол эле убакта Мюррей өзүнүн соткасынан үч жолу телефон чалган.

Убагында Мюррей Жэксонго пропофол бергенин айткан эмес. Ал Жэксонду коштоп, бейтапканага барган. Ырчы ошол жерден көз жумган.

Дарыгер-билермандардын айтымында, Жэксон ичкен дарылардын аралашмасы айрыкча кооптуу болгон. Сөз кайрадан Доктор Смитте:

- Маалымат көбөйгөн сайын буга ишениш кыйындап баратат. Менимче, Мюррейдин адвокатына анын чечимин туура деп күбө түшүп бере турган дарыгер табыш кыйын болот. Мындай чечимди акташ мүмкүн эмес. Майкл Жэксонго ал дарылар берилбегенде, ырчы бүгүн тирүү болмок.

Мюррей Жэксондун дарыгери болуп ушул жылдын башында 150 миң доллар айлык менен ишке орношот. Жүрөк ооруларына адистешкен дарыгер ал кезде күрөөгө койгон үйүнөн ажырай турган финансылык кыйын абалда болгон. Мюррей тергөөчүлөргө Жэксон пропофолду мурдатан эле ичип келгенин, ырчы бул дарыга кынык алганын сезип, андан көз карандылыгын жоюга аракеттенгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG