Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

АКШ Ооганстанга кошумча аскерлерин жиберет


АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс
АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс

АКШ Ооганстандагы аба күчтөрүнө кошумча 2800 аскерин жибере турган болду. Бул - АКШ Ооганстанга жиберчү аскер күчтөрүнүн бир гана бөлүгү. Буга чейин Чех парламенти ооган жериндеги чех аскерлерин ал жакта калтыруу боюнча документти четке каккан.

АКШ жалпысынан келерки жай айларына чейин Ооганстанга 20 миңден-30 миңге чейин аскер жиберет. Вашингтон ага чейин эле 3 миңдей аскерди январда, дагы 2800 кишини келерки жазда ооган жерине жайгаштырмак болуп жатат. Бул тууралуу Кабулда ишемби күнү америкалык адмирал Майкл Мюллен кабарлады. Анын айтымында, бул маселе чечилген, азыр болгону аскерлер качан жиберилээри гана такталып жатат.

Келерки жазга чейин Ооганстанга аба күчтөрүнүн аскерлерин жиберүү боюнча документке Американын Коргоо министри Роберт Гейтс 19-декабрда кол койду. Маалыматка караганда, абадан сокку ура ала турган тик учактар жана курал-жарактар менен камсыз кылынган 2800 аскер келерки жаз айларына чейин Ооганстанга жайгаштырылат. Бул тууралуу жакынкы күндөрү расмий түрдө жарыя кылынышы күтүлүүдө.

Reuters маалымат агенттигинин кабарына ылайык, бул - Ооганстандагы америкалык жана НАТО күчтөрдүн командири, генерал Дэвид Маккиернандын өтүнүчүнүн алкагында аткарылып жаткан иш.

Чыгыш жана Түштүк Ооганстандагы атышуулардын күчөгөнүнөн улам Маккиернан кошумча 20 000 аскер жиберүүнү суранып кайрылган. Ушул айдын башында министр Гейтс Ооганстанга барган кезде кошумча аскер жиберем деп убадасын да берген: «Биз келерки жылдын жаз айларында Ооганстанга кошумча аскер күчтөрүн жайгаштырууну январдан кийин чечебиз деп үмүттөнүп турабыз. Генерал Маккиернандын суранычынын маанилүү бөлүгү – чындап эле аба күчтөрү мында пайдалуураак кызмат кылмак. Биз да Вашингтондо бул талаптын үстүнөн иштейбиз».

Ооганстанда азыр 30 миңден ашуун америкалык аскер кызмат өтөйт. Айрымдары НАТОнун жетекчилигиндеги коопсуздук күчтөрүнүн бөлүгүндө турушат.

Ал аралыкта НАТОго мүчө айрым мамлекеттер Ооанстандагы аракеттерден чыга башташкан өңдүү. Жума күнү, 19-декабрда, чех парламенти Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүп, ал жактагыларды дагы узагыраак убакытка калтыруу боюнча планды жактырган жок. Ооганстанда негизи НАТОнун жетекчилигинде кызмат өтөгөн 500 чех аскери бар. АКШ менен Улуттар уюмунун суранычына ылайык, чех аскерлеринин саны дагы 200 адамга көбөйтүлүшү керек эле.

Быйыл ооган жеринде эларалык аскер күчтөрүнө каршы чабуулдар көбөйдү. Жума күнү ал жакта НАТОнун төрт аскери өлкөнүн ар кайсыл жерлериндеги бомба чабуулдарда курман болушту.

Быйыл, алардан сырткары, эларалык аскер күчтөрүнөн 280 адам окко учкан. Алардын көбү – америкалык аскерлер.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG