Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Саргылт ыңкылаптын тагдыры Чыгыш Украинанын колунда


Украинанын келечегин 17-январда өтө турган президенттик шайлоодо орус тилдүү калк жашаган өлкөнүн чыгышы чечет деп айтылууда. Ал тараптагылар негизинен Москвага ыктаган Виктор Януковичти колдошот.

Йенакийево шаарындагы анча чоң эмес чакан үйдө бир кезде Виктор Януковичтин балалык чагы өткөн. 59 жаштагы саясатчынын өзү болсо ушул жекшембиде өтө турган президенттик шайлоого катышып жатат. Ал үчүн анын бул жердеги жердештери сыймыктана турганын анын мурдагы коңшусу Алла Короткая минтип мактаныч кылып, айтып калды.
Йенакийево шаары

- Ал өзүнүн мугалимдерин жана ата-энесин жакшы көрчү. Бул анын мүнөзүндөгү артыкчылыктуу сапат. Ал чиркөөдө чокунуп турат, бул жакшы көрүнүш да.

Микрофон өчүрүлгөндөн кийин бул жердегилер Виктор Януковичтин балалык чагы шаардын четиндеги кедей райондо өткөнүн, бул болсо анын калыптанышына таасирин тийгизип, күч колдонуп бирөөнүн буюмун тартып алганы жана мушташканы үчүн эки ирет абакка жатып чыканын айтышты. Анан ал электрик болот дагы, Коммунисттик бюрократиянын тепкичи менен жүрүп отуруп губернаторлукка жеткен. 2006-жылы болсо ал Украинанын премьер-министри болду. Президенттик шайлоодо добуштарды бурмалагандан кийин эл көчөгө чыгып, акыры Украинада саргылт ыңкылап болгон эле.

Ошентсе да Виктор Януковичтин мурдагы кемчиликтери сакталып кала берди, ал мисалы, Австрия менен Австралияны дайыма алмаштырып айтып алат, ал эми талапкер катары берген арызында «профессор» деген сөздү орфографиялык ката менен жазган экен.

Эми болсо Йенакийево шаарынын тургундары ушул жекшембидеги шайлоого чоң үмүт артып турушат, эгер Янукович утуп калса ал өзүнүн боор эт шаарын эстеп, анын жашоосун жакшыртат деген тилектер көп.

Олексий Косач
Бул шаар темир өнөр жайынын бир бөлүгү болгону менен кризистен оңоло албай турган чагы. Олексий Косач Йенакийеводогу темир заводунда 48 жыл тынымсыз иштеп, былтыр пенсияга чыккан. Ал батышчыл президент Виктор Ющенко эч бир иш жасаган жок деп билдирди.

– 1991-жыл Украинага эч нерсе берген жок. Мурда жумушчу айына 100 рубль алчу да, ага болсо 100 кило шекер сатып алаарын даана билчү. Азыр болсо миң рубль алсаң дагы ага эч нерсе сатып ала албайсың.

Бул жердегилердин көбү Косачка окшоп пенсияга, анан кокусунан табылып калган акчага жашашат. Ал Януковичтин Орусия менен ысык мамиледе болобуз дегенин колдойт, ал эми Ющенконун украин тилин өнүктүрөлү дегенине сынга алды. Ющенкону болсо Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзуна кошулган Батыш Украина колдоп жатат. Батыш жана Чыгыш Украина антип экиге бөлүнүп жаткандай көрүнгөнү менен алардын жалпы көйгөйлөрү да аз эмес, бирок алардын башкысы – жумуш орду.

Януковичтин башкы атаандаштарынын бири - премьер-министр Юлия Тимошенко бул аймакта шайлоо өнөктүгүн өтө оорчулук менен жүргүздү. Косачка окшогондор болсо шайлоонун жыйынтыгы кандай гана чечилбесин – «өз балабыз» Януковичке добушубузду беребиз деп отурушат.

Януковичтин башкы демөөрчүсү болсо Украинанын эң бай адамы Ринат Ахметов. Анын бул жерде металл заводу бар. Бул шаардан машина менен кырк мүнөттүк жолдо Донбасс облусунун борбору Донецк шаары бар, мына ошол жерде Украинанын эң бай адамы отурат.

Башкы редактор Сергий Ферменюк 2004-жылы оппозициянын башкы адамдарынын бири болгон. Анын пикиринде, Ахметовго окшогон ишкерлер өздөрүнүн байлыгын сакташ үчүн кылмыштуу топторго таянышкан болчу дейт. Ал коррупцияны жоюп, жарандык коомду бутуна тургуза албаганы үчүн Тимошенкону да, Ющенкону да сынга алды. Экөө бири-бири менен тирешпей, ынтымакта иштешсе болмок дейт. Эми болсо жекшембиде Тимошенко менен Янукович теңтайлашмакчы, бул ирет күрөш өтө катуу болот.

XS
SM
MD
LG