Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Украина Улуу Ачарчылыкты эскерүүдө


Олеся Янчуктун "Ачарчылык-33" фильминен бир көрүнүш
Олеся Янчуктун "Ачарчылык-33" фильминен бир көрүнүш

Украина бүгүн Улуу Ачарчылыктын 75 жылдыгын белгилеп жатат. 1930-жылдары большевиктердин тушунда миллиондогон украиндер кырылган ал окуялардын курмандыктарына Киевде эстелик тургузулду.

Киндрат Мурзак 1925-жылы ал кездеги Советтик Украинанын чок ортосундагы Сарны айлында туулган. Улуу ачарчылыктын арааны жүргөн мезгилде ал жети жаштагы секелек кыз болгон, ошого карабастан, ал окуяларды бүгүнгө чейин унутпайт:

- 1933-жыл эсимде. Биздин коңшу аял эки баласын жеп коюптур, жети жашта баласы, алты жашта кызы бар болчу. Бир күнү ал мени "Киндрат, кел, мен сага токоч берем" деп чакырды. Аны уккан чоң энем Устия апам экөө мени кармап калышты. Кийин биз анын мешинен балдарынын сөөгүн көрдүк. Баш, шыйрактары мүлжүнгөн экен. Ошол эле күнү аны айылдан алып кетишти. Айылда дагы башка ушундай окуялар болгон, кээ бир үйлөрдө бирөө да тирүү калган эмес. Биз тарапта элдин жарымы ачкадан өлгөн.

Украина бүгүн ХОЛОДОМОР деп аталган 1932-1933-жылдардагы Улуу Ачарчылыкты эскерүүдө. Йозеф Сталиндин айыл-чарбасын күчкө салып коллективдештирүүсү азык-түлүктүн кескин тартыштыгына алып келип, Советтер Союзу боюнча болжол менен 14 миллион киши кырылган.

Улуу Ачарчылыкты Украинада советтик бийликтер тарабынан украин көз карандысыздык кыймылына балта чабуу үчүн атайын жасалган деп эсептешет. 2006-жылы Украин парламенти ал окуяларды геноцид деп тааныган.

Ушул аптада Харков шаарындагы мектепте болгон президент Виктор Ющенко окуучуларды Улуу Ачарчылыкты эч качан унутпоого мындайча чакырды:


- 1932-1933-жылдардагы трагедия - биздин тарыхтын кайгылуу барагы. Бирок ал биздин тарых. Тарыхты билсек, биз андан сабак ала алабыз. Ошондуктан мен силерди, украин балдарын, өзүңөрдүн үй-бүлөңөрдүн санжырасын билүүгө чакырам. Силердин чоң-ата, чоң-энеңер, таята, таенеңер кантип көз жумган? 1932-1933-жылдары алардын жашоосу кандай болгон? Ачарчылыктан кантип аман калган? Биздин улут акыры бардык каатчылыкты жеңди, зор жоготууларга учурасак да, акыры күңкорсуздукка жеттик.

Ющенко бүгүн Киевде Улуу Ачарчылыктын эстелигинин ачылышына катышууда. Ошондой эле курмандыктарга чиркөөдө таат окулуп, 40 өлкөдөн делегаттар келген эл аралык жыйын өтөт. Курмандыктарды эскерип, шам жагып, бир мүнөткө аларды эскерүү да каралган.

XS
SM
MD
LG