Ал муну Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан бери өмүрүнө коркунуч жаралганы менен түшүндүрдү.
Аркадий Бабченко орус бийлигин сындаган журналист катары таанылган. Былтыр ал киши колдуу болгону тууралуу кабар тарап, көп өтпөй эле тирүү экени белгилүү болгон. Украин атайын кызматы муну буйрутма киши өлтүрүүнүн алдын алуу операциясы деп түшүндүргөн.
Аркадий Бабченко Киевден ары кайсы өлкөгө жол тартканын ачыкка чыгарган жок. Ал "Азаттыктын" орус кызматына берген маегинде мындан жарым жыл мурда эгер Украинада президент алмашса, бул өлкөдөн кетерин айтканын эске салып, ошол убадасына турганын белгиледи. Ал Киевдин азыркы саясатын сынга алды:
- Бул бийлик күн сайын эле эки-үч жаңылыгы менен адамды нес кылчу болду. Украинанын дүйнө коомчулугундагы кадыр-баркы мурункудай эмес, эл аралык мейкиндикте өз ордун жоготту.
Бабченко бул маегинде Украинаны мындан ары өзүнүн мекени катары тааный турганын айтып, качандыр бир кезде кайтып келерин белгиледи:
- Украина менен коштошкон жокмун. Мен украиналыкмын, муну жокко чыгарууга болбойт. Орусияда төрөлсөм эле орус болуп калган жокмун. Эгер мен атканада туулсам ат болуп калбайм да, туурабы? Мен өзүмдү Украина менен элестетем. Украина эми менин өлкөм. Өзүмдү эми Орусия менен эч байланыштыра албайм. Менин жашоом Украина менен гана байланыштуу болот. Мен качандыр бир убакта кайра кайтып келем.
Аркадий Бабченко жоокер кезинде биринчи жана экинчи чечен согуштарына катышкан. Армиядан 2000-жылы кетип, ошондон бери бир катар орусиялык гезиттер менен кызматташып келатат. Ал "Новая газета" басылмасында аскердик кабарчы болуп иштеген. 2008-жылдагы орус-грузин согушун, Евромайдан окуяларын, Донбасстагы куралдуу кагылышты жана Стамбулдагы Таксим аянтындагы тополоңду көз карандысыз журналист катары чагылдырган.
2012-жылы Орусияда "Таза шайлоо үчүн" деген ураандын алдында нааразылык акциялары кызып турган малда Бабченкого "калайман башаламандыкка чакырган" деген айып менен кылмыш иши козголгон. Бул иш сотко жеткен эмес.
Былтыр май айында Киевде Аркадий Бабченконун киши колдуу болуп өлгөнү тууралуу кабар тарап, көп өтпөй эле тирүү болуп чыккан. Украинанын коопсуздук кызматынын ошол кездеги жетекчилери Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын коопсуздук кызматтары буйрутма бергенин алдын ала билип, бул ишке тартылган украин жаранын атайын операциянын натыйжасында кармоого жетишкенин жарыялашкан. Расмий Москва мындай дооматтарды четке каккан. Бул кылмышты уюштурган деген шек менен кармалган украин жараны Борис Герман 4,5 жылга эркинен ажыратылган.