Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Украинада жергиликтүү бийликке шайлоо өтүүдө


Украинада 31-октябрда жергиликтүү бийлик органдарын шайлоо күнү өтүп жатат. Жергиликтүү депутаттар, шаар башчылар, айыл-кыштак башчылары шайланмакчы.


Украинада шайлоо бекеттери эртең мененки саат сегизден кечки саат онго дейре иштейт. Эл бул жолу айыл-кыштак атка минерлерин, шаар башчыларын, мыйзам чыгаруу органдарына депутаттарды тандайт. Шайлоонунун таза өтүшүнө көз салып кетүү үчүн чет элдик жүздөгөн байкоочулар келген. Алдыңкы күнү алар менен жолуккан өкүмөт башчы Николай Азаров мындай деди:

- Сиздердин Украинага келишиңердин өзү эле бийликтин демократиялык өнүгүүнү аткаруудагы аны жашырып-жаппашынын ачык мисалы.

Бир нече ай мурда Жогорку Рада шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алган. Анын ариби боюнча эми жергиликтүү жана аймактык шайлоо комитеттерин түзүү бийлик тараптан болуп турат. «Опора» коомдук уюм жетекчиси Ольга Айвазовская айтымынча, бийлик партиясы эми өзү каалагандай шайлоо жүрүшүн тескеп ала алат, ошондуктан шайлоону өткөрүүгө ишенбей, ага олуттуу доомат коюуга оппозициянын акысы бар.

Бул сыноо менен жаңы парламенттик бийлик мыйзам чегинде иш алып бара алабы жокпу, ошого жооп издөө болорун айтат.

Жаңы бийликке келген президент Виктор Янукович жергиликтүү бийлик органдарын шайлоо тунук жана адилет өтөт деп айтып келе жатат. Эми ошол кеп менен иштин айырмасы болобу болбойбу деп серепчилер кулак түрүшүүдө.

Саяий талдоочулардын маалыматынча астыртан да жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр болгон.

- Мамлекет башчы аймактык партиянын жергиликтүү бийликтегилери үчүн добуш берүүү жогорку жыйынтыкта болсун талабын акимдерге койгон,- дейт «Эркин Европа/Азаттыктын» кабарчысы Владимир Ивахненко.

XS
SM
MD
LG