Өзбектер “Журтбашы” деп атаган Каримов тетиги 1990-жылдардын башында эле Советтик Өзбекстандын президенттигине шайланаардын алдында өлкөнү кантип башкаруу керектигин мындайча түшндүргөн:
- Эгерде мени эртең президент кылып шайласаңар, анда парламентти таркатуу укугум болушу керек. Ошондо гана акыркы сөз мага таандык болмокчу. Азыр болсо мен силерден айырмаланбаймын.
71 жаштагы Каримов Самарканд шаарында туулган. Ал – СССРдин кулашынан кийин бийликте калып, жаңы саясий режим кура алган Борбор Азиядагы эки лидердин бири. Жакында Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин да бийликке келишине 20 жыл толду.
1990-жылдардын ортосуна чейин анын саясий оппоненттеринин көбү куугунтуктоолордон улам өлкөдөн кетүүгө мажбур болду. Калгандарынын ишмердиги катуу көзөмөлгө алынып, кыйла чектелди.
Исламчыл топторго кысым күчөп, 1999 жана 2004-жылы Өзбекстандын бир нече ири шаарларында жардыруулар орун алды. Тыюу салынган Өзбекстандын Ислам кыймылына каршы репрессиялар согушкерлердин коңшу өлкөлөргө агылышына алып келди.
2005-жылы Анжиян шаарындагы ири демонстрация учурунда куралдуу күчтөр ок ачып, өзбек бийликтеринин ырастоосунда, анда 187 киши, анын ичинде аскерлер менен милиция кызматкерлери каза болгон. Бирок укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны мындан көп, негизинен карапайым адамдар жабыркаган деп келатышат.
Өзбекстан жаза өтөө системасы, туткундарга кыйноолордун колдонушу үчүн бир катар эларалык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келатат. Каримов өлкө ичиндеги бардык оппозициялык маалымат каражаттарын жок кылууга жетишти.
Ал эки ирет референдум аркылуу кызмат мөөнөтүн узартып, конституцияда каралган чектөөгө карабай, 2007-жылы 3-мөөнөткө президенттикке шайланды.
1990-жылдардын этегине чейин Өзбек жетекчиси экономикасы стабилдүү мамлекетте гана демократиялык системаны жөнгө салуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт деп, экономикалык реформаларга артыкчылык берип келди. Ал кезде мындай идея орундуу көрүнгөн. Тажикстан жарандык согуштун кучагында болчу, Казакстан жана Кыргызстанда президенттер менен парламенттер ортосундагы тирешүү тынбай жаткан.
Борборазиялык жумурияттардын көпчүлүгү жашап кетүү үчүн эларалык жардамдан көз каранды болчу. Өзбекстан болсо стабилдүү бойдон калып, өз элин эң керектүү нерселер менен камсыздоого кудуреттүү мамлекеттей көрүнчү.
Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстанды табигый газ менен камсыздаган жападан жалгыз булак. Бул Каримовго коңшуларга таасир этүү үчүн жакшы каражат болуп берди. Өзбек лидери маал маалы менен борборазиялык калган жетекчилерге асылып, акыл үйрөткөндү же мазактаганды жакшы көрөт. 1995-жылы Каримов Назарбаевди Конституцияны улам улам өзгөртө берет, элге көчөлөргө чыгып өз оюн билдирүүгө уруксат берилбейт деп сындаганы бар.
Бир нече жылдан кийин ал “академик башкарган өлкөнүн” байкуш эли Өзбекстандан нан сатып алууга мажбур деп, Аскар Акаевдин короосуна таш ыргыткан.
Эркин Европа/Азаттык радиосунун өзбек кызматы Каримов менен советтик мезгилде иштешкен айрым лидерлер менен байланышты. Грузиянын экс-президенти Эдурад Шеварднадзенин айтымында, 20 жыл илгери ал Каримов менен дос мамиледе болчу. Бирок Анжиян окуялары менен “роза ыңкылабы” тууралуу сөз кылып жатып, Шеварднадзе Каримов өз элинин коопсуздугун эстен чыгарып койгон деди.
- Кан төгүүнүн алдын алуу үчүн менин башка тандоом жок болчу. Же кан төгүлмөк, же мен кызматтан кетишим керек эле. Анжиян окуяларына болсо тарых баасын берер.
Беларустун мурдагы лидери Станислав Шушкевич бир кездери Каримовдун ой жүгүртүү логикасын жактырганын айтат. Бирок андан бери анын өзбек президенти жөнүндөгү пикири өзгөрдү:
- Абийрине камчы чаап көнгөн адамдар адеп-ахлак, руханий принциптер жөнүндө сөз кылып, өздөрү ал принциптерди карманышпайт.
Каримовдун саламаттыгы анча жакшы эмес деген айың кептер көптөн бери айтылып жүрөт. Мындан уламбы, кээ бир аналитиктер “Журтбашынын” ордуна ким келет? Каримов бийликтен кеткенден кийин өлкө бөлүнүп-жарылууга туш болушу ыктымал деген кооптонууларын ортого салышууда.