Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:11

Самаркандда жергиликтүү жана түрк курулушчулары мушташты


Самарканд шаары.

Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Карасуу конушунда курулуш жүрүп жаткан аймакта 6-ноябрда жергиликтүү жана түрк жумушчулары жапырт мушташты. "Agromir Buildings​" компаниясынын курулушунда 1,5 миңден ашуун адам иштейт. "Азаттыктын" өзбек кызматына бул окуяга күбө болгондордун бири жаңжалды милиция, Улуттук гвардиянын жоокерлери келип басканын айтып берди. Окуя болгон жерге бир катар министрлердин коштоосунда Түркиянын Өзбекстандагы элчиси да барды.

"Азаттыктын" өзбек кызматына жөнөтүлгөн видеодон жүздөгөн жаалданган адамдын чакан топко кол көтөрүп, кууп баратканын көрүүгө болот.

Бийлик окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Айрым бир божомолдорго караганда, мушташка ашканада иштеген жергиликтүү аялды түркиялык жумушчу зордуктаган деген кабар себеп болушу мүмкүн. Дагы бир божомолго караганда жергиликтүү жумушчулар чет өлкөлүктөргө көп айлык төлөнүп жатканына нааразы болушкан.

Ушул жылы жайында Казакстанда бир компанияда иштеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк жарандар мушташкан.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG