Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Жанар тоонун жабыры


Исландиядагы жанар тоо эки жүз жылдан ашуун өчүп жатып, өткөн аптанын шаршемби күнү от бүркө баштады. Ал качан басыларын адистер так айта алышпайт.
Исландиядагы жанар тоо эки жүз жылдан ашуун өчүп жатып, өткөн аптанын шаршемби күнү от бүркө баштады. Ал качан басыларын адистер так айта алышпайт.

Еврошаркеттин транспорт боюнча комиссары континенттин аба мейкиндиги дүйшөмбү күнү кечке чейин жарым-жартылай түрдө ачылат, жабылган аэропорттордун теңине жакыны кайрадан иштей баштайт деп үмүттөнөт. Түзүлгөн абалды бүгүн шаркеттин транспорт министрлери талкуулаганы жатат.

Ушу күнгө чейин Европада он жети өлкөнүн аба мейкини авиакаттамдар үчүн жабык турат. Нидерландия, Германия жана Ирландия аэропортторун бери эле дегенде түшкө чейин ачпай турганын ырасташты, Британия кечке жуук барып гана бир жаңсыл чечим кабыл алышы ыктымал.

Еврокомиссар Сиим Каллас мындай жагдай буга чейин болбогонун айтып, кырдаалды "өтө туруксуз" деп сыпаттады жана жанар тоодон тараган күл-күкүмдүү булут качан тарарын күтүп отура бериштин да кереги жоктугун кошумчалады.
Шаркетке кирген өлкөлөрдүн транспорт министрлери атайын телеконференция өткөрүп, мындан аркы кадамдарды карап чыкканы жатышат.

Бул учурда Европадагы авиакомпаниялар менен аэропорттор учууга тыюу салынган чечимдерди тезинен алып салууга чакырышты. Эл аралык аэропорттор кеңешинин Европа бөлүмү (ACI Europe) менен Европадагы авиакомпаниялар бирикмеси (AEA) Исландиядагы жанар тоонун козголгону авиакаттамдарды токтотконго жүйөө боло албай турганын билдиришти.

Эл аралык аба транспорт бирикмеси (IATA) да өкмөттөр эч кандай изилдөө өткөрбөй, эч ким менен кеңешпей туруп эле авиакаттамдарды токтотуп коюшкан "иштин көзүн билбегендик" катары баалады. Бирикменин башчысы Жованни Бисиняни муну атүгүл "европадагы аламанчылык" деп атады.

Бул сындарга жооп кайтарып, Британиянын премьер-министри Гордон Браун жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өкмөттөр үчүн эң башкы маселе экенин эске салды жана бийликтер сынамык каттамдардын натыйжаларын карап чыгышарына, авиакомпаниялардын сунуштарын да эске алышарына ишендирди.

Ишемби жана жекшемби күндөрү континенттеги эңи ири фирмалар - нидерланд (KLM), британ (British Airways), немец (Lufthansa) жана француз (Air France) компаниялары бир нече сынамыктарды өткөрүштү жана алардын маалында эч кандай проблемалар болбогонун айтышты.

Европадагы авиациялык мейкинди көзөмөлдөө мекемесинин өкүлү Брайан Флинн континенттеги жалпы аймактын 50 проценти жанар тоо булутунан оолак турганын ырастап, токтотулган авиакаттамдардын 35 проценти ишин улантса болорун бышыктады.

2001-жылы сентябрда АКШдагы террордук балааматтардан кийин Атлантиканын эки өйүзүнө үч күн бою учактар каттабай калган эле. Исландиядагы жанар тоонун айынан Европада аэропорттор беш күндөн бери ачылбай турат.

Адистердин эсебинде авиакомпаниялар күн сайын 200 миллион долларга жакын чыгым тартып жатышат. Буга кошумча башка континенттерден Европага жүктөр ташылбай калды, натыйжада жалпы экономика да жабыр тарта баштады.

Синоптиктер ырасташкандай, Исландиядагы жанар тоодон тараган күл-күкүмдүү булут бүгүн Таймырга, Чыгыш Сибирге жетти. Жакынкы күндөрдө ал Ыраакы Чыгышты каптайт. Бирок орус адистери булуттар калкка жана аба каттамдарына коркунуч келтире албайт деп айтышууда.

Исландиядагы бул жанар тоо эки кылымдай убакыт "уктап" жатып, өткөн аптанын шаршемби күнү "ойгонгон" эле. Ал дагы бир канча убакытка чейин от бүркүп турушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG