Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

БССУга сунуш: интернеттен салык алуу керек


Маргарет Чан - Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору.
Маргарет Чан - Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору.

Женевада Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын кезектеги сессиясы ачылды. Анда интернет үчүн салык салуу сунушуна байланышкан талаш-тартыштар эң кызык тема болгону турат.

Жыйында Жер шарындагы 193 өлкөдөн келген өкүлдөр жугуштуу илдеттерден тартып программалардын бюджети, административдик маселелерге чейинки бир катар проблемаларды талкуулашат.

2008-жылдын этегинде Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БССУ) 25 кишиден турган эксперттер бригадасын түзүп, медицина тармагындагы изилдөөлөрдү финансылоо үчүн жаңы булактарды кантип тапса болорун иликтеп көрүүнү, бу боюнча сунуштарды камдоону табыштаган эле. 17-майда Женевада башталган сессияда эксперттер даярдаган сунуштар талкууланганы жатат.

Эксперттер тобу эл аралык курал-жарак соодасынан он процент салык алуу тартиби киргизилсе, мындан БССУнун бюджетине жылына 5 миллиард доллар каражат түшөрүн эсептеп чыгышты. Мындан тышкары авиабилеттерге азыраак үстөк кошулса, безгек, СПИД, кургак учук ооруларын эмдөө үчүн 100 миллион доллар кошумча акча тапса болот. Муну 2006-жылдан бери айрым өлкөлөр өткөрүп келаткан тажрыйба көрсөттү.

Бир нече жыл илгери Бразилия интернет аркылуу жүргүзүлгөн эсеп-кысап иштерине 0,38 процент салык киргизип, бир жылда эле 20 миллиард доллар акча тапкан. Ушунун өзү эле өкмөттүн калкты социалдык жактан коргоо боюнча программаларынын 87 процентин жапканга мүмкүндүк берген.

Ушул тажрыйбаны өнүктүрүп, эксперттер интернет пайдаланган ар бир адамга 0,1 процент өлчөмүндө салык салууну сунуш кылышты. Интернет кызматын колдонгондор дүйнөдө миллиарддап саналарын эске алганда, мындай ыкма ондогон миллиард доллар каражат жыйнаганга шарт түзөт.

Бирок эксперттердин бир жааты бул планды жүзөгө ашыруу өтө кыйын болорун да моюнга алышты. Алардын бири – Сиднейдеги эл аралык саламаттык сактоо институнун эксперти, доктор Мэри Моран Жорж эксперттер конкреттүү сунуштарды эмес, болгону кошумча каражат табуунун жолдорун гана көрсөтүшкөнүн белгилеп, интернет чөйрөсүнө салык салуу идеясы эпсиз чоң иш экенин, аны кантип жүзөгө ашыруу керектигин азырынча эч ким билбей турганын ырастады.

Вашингтондогу ишкерлер институтунун эксперти Рожер Бейт тарыхтын тажрыйбасын эске салып, бир ирет киргизилген салык эч качан кайра жоюлбаганын, кокус сөз болгон сунушка Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюму глобалдык масштабда демилгечи болсо,анда иштин көп өңүтүн өксүтүп аларын эскертти.

Анан калса мындай демилгеге көп өлкөлөрдүн кошулары да арсар. "Британия, мисалы, салыктардын мындай түрлөрүн колдобойт болуу керек, - дейт Моран. – Ар түрдүү өкмөттөр ар башкача ыкманы тандап алышат. Айрымдары салыктарды колдосо, калгандары буга кошулбай турганы анык".

Эгер эксперттердин сунуштары ассамблеяда жактырылса, аларды Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Аткаруу кеңешине бекиткенге беришет. Ошондон соң алар толук мыйзамдуу деп табылат жана буга өкмөттөрдү көндүрүү үчүн аракеттер башталат.

XS
SM
MD
LG