Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Батыштык басылмалар: Бишкектин чечими жана АКШ менен кызматташтык


“Манас” аба базасына байланыштуу расмий Бишкектин чечими жана кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин чет элдик үналгыга бул тууралуу берген маеги батыштык басылмалардын көңүлүн бурду.

“Кыргызстан Бишкектеги АКШнын аба базасын жабуу тууралуу соңку чечимге келе элек” деп жазат Wall Street Journal гезитинде чыккан макалада баяндамачы Alan Cullision. Президент Курманбек Бакиевдин өткөн жумада ББС үналгысына берген маегинде “Кыргызстан АКШ менен Ооганстан боюнча кызматташууга даяр” деп айткан сөздөрүн мисалга келтирип, автор өз макаласында аба базанын Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн талиптерге каршы күрөшүндөгү маанисине басым жасайт.

NYT гезити бул тууралуу жазган кабарында, Кыргызстандын парламентинин, “Манас” аба базасын колдонуп келген 11 өлкө менен базаны колдонуу келишимин алып салуу жөнүндө бекиткен токтомун окурмандары менен тең бөлүшкөн. “Бирок Бакиевдин басма сөз өкүлү АКШ менен сүйлөшүүлөр үчүн эшик али ачык. Биз жаңы бир келишимди түзүү маселесине оң карайбыз” деген сөздөрүн эске салган журналист, Бакиевдин өткөн айда америкалык базаны жабуу жөнүндө бекиткен токтому АКШнын Ооганстандагы аскердик өнөктүгүнүн турмуштук мааниге ээ экенине көңүл бурат.

Лондондо чыгуучу Economist жумалыгы дагы бул темага арнап көлөмдүү макаласын жарыялаган. “Эми Ооганстанга кеткен жол торолду” деген баш сөз менен чыккан макалада Economist, Бакиевдин “Манастагы” америкалык баазаны жаап салуу жөнүндө бекиткен токтомун Кремлдин төбөлдөрү даярдаганын бышыктайт.

Washington Post гезити дагы бул маселеге кайрылып, “Манастагы” аба базанын жабылуусунан кийиин АКШ жана анын өнөктөштөрү үчүн Ооганстандагы аскерлерин тейлөө кыйла кыйынга турарын божомолдойт. Пакистан аркылуу тейлөөдөгү кыйынчылыктарды чечмелеген гезит, Бишкектин токтомунун түпкүрүндө жаткан себептерге талдоо жүргүзөт.

Jane’s Intelligence Digest аттуу жумалыктын кезектеги санында, Кыргызстандагы уюшкан кылмыш тууралуу көлөмдүү бир макала жарыяланды. Макалада Кыргызстан улам барган сайын маң зат жана адам аткезчилигинде алдыңкы орунга чыга баштаганы бышыкталып, өлкөдө уюшкан кылмыштын ченеми жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алсыздыгы тууралуу кеңири маалыматтар берилет.

Уюшкан кылмышка каршы күрөш боюнча өткөн жылдын июнь айында жаңы мыйзам чыгарылганы эске салынган макалада, Кытай өңдүү жаңы базарлардын ачылуусу, өзгөчө Ош жана Баткенде маң зат аткезчилигинин мындан ары дагы гүлдөп өсө береринен кабар берери белгиленет.
XS
SM
MD
LG