Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Түркия батыш басма сөз каражаттарында башкы тема болду


Барак Обама Түркияга иш сапары менен келди
Барак Обама Түркияга иш сапары менен келди

НАТОнун саммити, АКШ президенти Барак Обаманын Түркияга сапары жана Анкара-Ереван мамилелери ушул күндөрү батыш басма сөз каражаттарынын көңүл борборунда.

“Түркия Даниянын премьер-министри Расмуссендин НАТОнун баш катчылыгына дайындалуусуна шарттуу макулдук берди. Расмуссен пайгамбар Хазрети Мукаммедди шылдыңдаган карикатура чатагы жана күрд жикчилдердин Даниядан обого чыкчу “Рож” сыналгысына байланыштуу кечирим сурайт” деп жазат Hürriyet гезити. Гезит мындан тышкары АКШ президенти Барак Обаманын учагы Түркиянын аба майданына коноору менен бардык аба каттамдары токтотулуп, Анкара жана Стамбул шаарларында коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлде камсыздаларын жазды.

Milliyet гезити да НАТО саммитине сереп салып, Даниянын өкмөт башчысы Расмуссендин талапкердигине Түркиянын каршы чыгышынан улам пайда болгон кризис дээрлик АКШнын президенти Барак Обама жүргүзгөн дипломатиялык иш-чаралар жана Түркияга берилген убадалар аркылуу чечиле алганын билдирет.

Кабарда көрсөтүлгөндөй, күрд жикчилердин “Рож” сыналгысын жабуу жана НАТО менен Ислам Конференциясы уюму ортосундагы байланыш түзүлүүсү, ошондой эле НАТОнун баш катчысынын жардамчылыгына түркиялык бир кишинин дайындалышы жөнүндө убада берилгенден кийин президент Абдулла Гүл Расмуссендин талапкердигине маакулдугун берген.

Stratfor Commentary уюмунун интернет баракчасы да НАТО саммитине сереп салып, Расмуссендин баш катчылыка бекитилүүсү үчүн Түркияга берилген убадалар, расмий Анкаранын глобалдык күч катары өсүп бараткан зоболосунун далили деп билдирген. НАТОнун бул саммитинде бекитилген токтомдор тууралуу маалымат берилген макалада, Түркия 6-7-апрел күндөрү президент Барак Обаманы тосуп алары жана өзүнүн глобалдык күч катары жаркыраган жылдызын жар салары белгиленет.

Washington Times гезитинде Түркия менен Армениянын мамилелери тууралуу жарыяланган макаласында серепчи Николас Бөрч (Nicholas Birch) “Түркия менен Армения 1915-жылдагы миңдеген армяндардын кырылышына алып барган кайгылуу окуяларды биргелеше иликтөө маселесин кошуп алганда, тарыхый кайра жарашуу келишиминин алдында турушат” деген жоромол оюн билдирген.

Автордун билдиришине ылайык, Тоолуу Карабак жаңжалынын чечилиши үчүн жол картасын сунуш кыла турган Түркия, Армения менен түзүлүүчү тарыхый келишимдин чеги ичинде 1993-жылдан бери жабылган бойдон келе жаткан Армения чек арасын ачып, бул өлкө менен болгон бардык чыр-чатактарын тепкич-тепкич жөңгө салууга тырышмакчы.

Лондондун Financial Times гезити дагы бул маселеге токтолуп, “Түркия Армения менен болгон чыр-чатактарды жоюу үчүн дипломатиялык жортуул баштамакчы” деп жазат. АКШнын президенти Барак Обаманын Түркияга сапары башталардан бир күн илгери ТРТ мамлекеттик сыналгы-үналгы компаниясы кошунасына карата жакшы мамиленин белгиси катары армян тилинде үналгы берүүлөрүн баштаганына ишаара кылынган макалада, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык байланыштарды жөнгө салуу жана чатактарды жоюу максатында ургаалдуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келатканы маалымдалат.
XS
SM
MD
LG