Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Лондондо 20 үлкөн өлкөнүн лидерлери кризистен чыгуунун жолун издешет


Гордон Браун (солдо) менен Барак Обама Лондондогу пресс-конференцияда, 1-апрел, 2009-жыл.
Гордон Браун (солдо) менен Барак Обама Лондондогу пресс-конференцияда, 1-апрел, 2009-жыл.

АКШнын президенти бүгүн Лондондо Чоң 20нын самити алдында дүйнө лидерлери менен жолугушууда. Бул Барак Обаманын ишке киришкенден бери Атлантика мухитин биринчи жолу кесип өтүшү. Эртең ал бай жана орто өнүккөн өлкөлөрдүн лидерлерине кошулуп, ондогон жылдардан берки эң оор кризистен чыгуунун жолдорун талкууламакчы.

Чоң 20нын Лондон курултайын 1944-жылдагы Валюта кору жана Дүйнөлүк банк түзүлгөн Бреттон Вудз жыйынына салыштырышкандар болду. Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун өткөн октябрда мындай деген эле:

- Биз алдыдагы жылдары жаңы Бреттон Вудзду, же жаңы финансылык структураны курушубуз керек. Кээде эбак эле жасалышы керек болгон иштер боюнча бир пикирге келиш үчүн кризис керек болот экен. Бирок азыр эми биз глобалдык заманга ылайыктап, жаңы эл аралык финансылык архитектураны жаратышыбыз зарыл.

Гордон Браун ушул аптада Лондондо өтүп жаткан Чоң 20нын самити экинчи Бреттон Вудз болуп калат деп үмүттөнгөн болушу мүмкүн. Бирок анын кесиптештери азыркы жыйынга ашыкча үмүт артпагыла деген кыязда сүйлөп жатышат. Мисалы Браундун финансы министри Алистер Дарлинг Лондон саммитин «жараяндын бир баскычы гана» деп атады. Ал эми адистер АКШнын сарптоолорду күч алдыруу чакырыгын Германия менен Франция четке каккандан кийин, ири сарптоолор тууралуу жаңы убадалардын болооруна көздөрү жетпей турат.

Ройтерс агенттиги таркаткан коммюникенин долбооруна караганда, жыйындын катышуучулары буга чейинки финансылык чараларды бетке кармап, өсүштү жана жумуш орундарын камсыздоого ушул чаралар эле жетиштүү дегенинен кайтпайт шекилдүү.

Ошол эле мезгилде, Эл аралык Валюта коруна бөлүнүүчү каражатты эки эсе көбөйтүп, 500 миллиард долларга жеткирүү тууралуу макулдашуу болот деп күтүлүүдө. Эл башчылары ошондой эле сооданы финансылоого жана Азиялык Өнүктүрүү банкы сыяктуу финансылык институттардын жарды өлкөлөргө карыз берүүсүн көбөйтүүгө миллиарддаган доллар каражат убада кылыштары мүмкүн.

Бул өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн кубанычтуу кабар болуп калмакчы дейт британиялык Чэтхем Хауз изилдөө борборунун өкүлү Ванесса Росси:

- Апта соңундагы анти-глобализациялык демонстрацияларды көргөндөр Лондон саммитинен өнүгүп келаткан өлкөлөргө пайда жок деп ойлоштору ыктымал. Бирок алар үчүн бул жыйындан көп огожо болушу мүмкүн.

Бир күндүк жыйында ошондой эле Валюта кору сыяктуу эл аралык финансы структураларында өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн таасирин күч алдырууга да макулдашуу жетишилет деп күтүлүүдө. Андан сырткары салык бейиштерине, башкача айтканда салыктан качкандардын аманат акчаларын сактаган аймактарга карата жазалоочу чаралар кабыл алынаары болжолдонууда. Чоң 20нын чоңдору ошондой эле банктардын жана бүткүл финансылык системага коркунуч келтирүүгө дараметтүү болгон ири финансылык корлордун ишин көзөмөлдөөгө макулдашат болуш керек.

20 өлкөнүн мамлекет башчылары менен өкмөт жетекчилери бүгүн кечинде сыйлуу тамакка чогулушууда. Ал эми полиция эртең анти-капиталисттер, айлана-чөйрөнү коргоочулар жана башка миңдеген демонстранттар Лондондун Сити финансылык борборунда нааразылык акциясын өткөрөөрүн эскертүүдө. Ушуга байланыштуу шаарда коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү.


Лондон: жыйындан мурда башталган жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG