Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Доллар арзандады, алтын асмандады


Кыргызстандын ички базарында соңку күндөрү доллардын сомго карата курсу өссө, эл аралык базарда анын еврого карата курсу кайрадан арзандоодо.

Доллардын ташы өйдөлөй баштоосу мындан дээрлик бир жылга жакын убакыт мурда АКШда “Lehman Brothers” деген инвестициялык банк кыйрагандан кийинки учурга туш келген. Анда америкалык банктардын бири банкрот болгону менен инвесторлор акчасын тобокелчилик жогору чөйрөлөрдөн коопсузураак деп эсептелген долларга которушкан. Бир нече аптанын ичинде эле 1 евро 1,25 $ке чейин түшүп кеткен эле. Эми ошол жараян кайра тескерисинен кайталанууда. Ушул аптада 1 евро 1, 45 $ке чыгып кетти. Бул - доллар үчүн быйылкы жыл ичиндеги эң төмөнкү чек.

Аналитиктер менен соодагерлер бул кызык жагдайды “оптимизм” деген сөздү колдонуу менен түшүндүрүшүүдө. Ал оптимизмдин дүйнөлүк экономикадагы кайра жандануу менен байланышы бар. Британиялык талдоочу Жеймс Хагес мындай дейт:

- Биз төмөндөөнү баштан кечирдик. Тобокелчилиги жогору кээ бир активдер долларга которулду. Бирок азыр биз баары кайра ордуна кайта баштаганын көрө баштадык. Ушул аптада компаниялар бириккени, Германия, Франция, атүгүл Британия да рецессиядан чыга баштаганы тууралуу жаңылыктар болду. Иши кылып азыр оң мүнөздөгү жаңылыктар көп.

Бул өз кезегинде инвесторлор менен соодагерлердин “тобокелчилик аппетитин” күчөтүп, алар азыр тобокелчилиги менен катар кирешеси да жогору чөйрөлөргө инвестиция жасоого ынтаа коюп жатышат.

Буга кошумча өткөн дем алыш күндөрү "чоң жыйырманын" тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери Лондондогу жыйынында глобалдык экономикадагы оңолуунун белгилерине карабай, ага каржылык колдоо көргөзүүнү улантууну макулдашты. Лондондогу ВNP Paribas компаниясынын аналитиги Ян Стеннард мындай дейт:

- Бул "чыгуу стратегиялары" абдан эле эрте ишке киргизилип, экономикадагы оңолууну тобокелчиликке кептейт деген кооптонууларды жойду.

Ал эми ошондой "чыгуу стратегиялары" бара -бара борбордук банкттар кредиттер боюнча үстөк пайызын кайра көтөрүүсүнө алып барышы керек. Бирок күтүлүп жаткандай, АКШда борбордук банк катары эсептелген Федералдык резерв стистемасынын үстөк пайызды төмөнкү деңгээлде кармоону улантаары - америкалык валютаны алсыз кылган факторлордун бири.

Алсыз доллар, буга кошумча өкмөттөрдүн экономиканы колдоо боюнча чыгымдары инфляцияны күчөтөт деген кооптонуулар алтындын баасынын кайрадан асмандоосун шарттады. Ушул аптада анын бир уницийи 1000 $ чыкты. Бул - былтыркы жылдын мартынан берки эң жогорку баа.

Британиялык талдоочу Ян Стеннардын айтымында, алтын баасын өйдөгө жетелеген дагы бир фактор аны күн мурунтан белгиленген баада сатуу практикасындагы өзгөрүүлөр. Бул ыкма өндүрүүчүлөргө алардын алтыны белгилүү бир баада сатылышын кепилдейт, бирок баа өскөндө алар уттуруп коюшат. Дүйнөнүн эң ири алтын өндүрүүчү катары эсептелген “Баррик Голд” компаниясынын ошол ыкмадан баш тартканын ушул шейшембиде жарыялоосу алардын алтын баасы али өсөт деген эсебин көргөзүүдө. Бирок талдоочу Стеннард белгилегендей:

- Айрым өндүрүүчүлөр базардан хедждерин алып салышып, бул баанын өйдө көздөй кетүүсүн шарттады. Бирок жараян аяктоо алдында турат жана бул алтын рыногуна карата белгилүү бир колдоо жоюла турганын каңкуулоодо.

Ал эми долларга келсек, аналитиктердин болжолунда, кыска мөнөттү алганда дагы арзандап, 1 евро 1, 45 $, 1, 50 $ чейин чыгуусу мүмкүн. Бирок кайра жыл аягына карата евронун курсу 1,35 $, ал эми 2010-жылдын ортосунда 1,25 $га чейин төмөндөөрү күтүлөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG