Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Eurasia View: Кыргыз оппозициясы президенттин криминалдуу саясатына кыр көрсөтө баштады


Батыш ММКларынын айрымдары Кыргызстандагы соңку саясий-экономикалык абалга да кайрылышып, оппозициянын 27-марттагы митинги тууралуу сөз кылышты.

“Кудай жалгап, Кыргызстанда январь жана февраль айларында аба ырайы жылуураак өттү. Бирок бул - кыргыздардын түйшүгү калбады дегенге жатпайт. Аларды эми суук аба ырайынын ордуна асмандап көтөрүлүп бараткан отундун баасы түйшөлтүүдө” деп жазат Eurasia View интернет баракчасы. Өзбекстандын газдын баасын 145 доллардан 240 долларга көтөрүүсүнөн улам, 2009- жыл башталаары менен Кыргызстанда энергетиканын баасы кескин көтөрүлгөнү эскертилип макалада депутат Роза Отунбаеванын “Кыргызгаз” Өзбекстандан газды 240 доллардан сатып алып, керектөөчүлөргө 320 доллардан кымбатка сатууда. “Кыргызгаз” мындан бир жылда ортодон 10 млн. долларга чейин пайда табат” деген сөздөрүнө көңүл бурулат.

Президент Бакиевтин өкүмөтү “Кыргызгазды” жеке менчикке берүүнү пландап жатканы билдирилип макалада андан ары, газдын баасы үстүнөн Өзбеистан ар дайым чоң сөзгө ээ боло тургандыктан бей тарап адистердин пикиринде, “Кыргызгазды” менчиктештиргенде деле кааланган натыйжаны бербей турганы далилделет.

Eurasia View интернет баракчасында Кыргызстан тууралуу жазылган экинчи макалада өлкөдөгү саясий абалга жана оппозиция 27- март күнү Бишкекте уюштурган нааразычылык аракетине сереп салынат. Бириккен оппозициянын лидерлеринен Азимбек Бекназаровдун “Бакиев президенттик шайлоолорго катышпаш керек” деп айткан сөздөрүнө орун берилген макалада андан ары оппозициядагы түрдүүчө саясатчылардын койгон талаптары чагылдырылып, Кыргызстанда оппозиция президенттин криминалдуу саясаттарына кыр көрсөтө баштады делинет.

Батыштык басылмалардын Түркияга арналган макалаларында, “Эргенокон” шарттуу наамдуу сот өндүрүмү жана кечөө өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы үстөмдүк кылууда. Лондондогу “Financial Times”, отставкадагы 2 генералдын “Эргенокон” сот өндүрүмүнүн чеги ичинде, өкүмөттү күчтүн зору менен кулатуу максатында кутум түзгөндүктө айыпталганын маалымдап, Түркиядагы либералдуу маанайдагы чөйрөлөр, “Эргенокон” аталган бул криминалдык тергөө жана сот жараянынын натыйжасында, жергиликтүү жаргон менен айтканда “терең мамлекеттин” соңуна чыгыларынан үмүт санап жатышканын билдирет. Макалада жазылышына ылайык айыптоочулар, отставкадагы генералдар Хуршит Толон менен Шенер Эруйгурга өкүмөттү кулатуу максатында террорчул уюм түздү деген айып тагышкан.
XS
SM
MD
LG