Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Өзбекстан парламенттик системага өтөбү?


Ислам Каримов, Өзбекстандын президенти.
Ислам Каримов, Өзбекстандын президенти.

Түркияда чыгуучу Star гезити өзбек президенти Ислам Каримов өлкөнү парламенттик системага өткөрүү сунушу менен чыкканын жазып чыкты.

Жогорку Кеңештин өткөн жумадагы алгачкы отурумунда “Ата-Журт” партиясынан 7 гана депутат ант берүү аземине катышып, 21 депутаттын келбей коюшу Лондондо чыгуучу Daily Telegraph гезитинде чыккан бир макалада “Кыргызстанда дегеле жаңы өкмөт курула алабы” деген шектүү пикирдин чагылдырылышына себеп болгон. Макалада, “жаңы өкмөттү түзүү аракети талдоого алынып, көптөгөн мүчөлөрү экс-президент Бакиевге боор тарткан “Ата-Журт” партиясы шайлоолордон биринчи партия катары чыкканы менен эгерде “Ата Мекен” партиясы чатак салбаса СДП, “Республика” партиясы менен коалиция түзүүсү ыктымал” деген ой баяндалат.

ЕККУнун вебсайтында арасында өзбөк тегиндеги укук коргоочу Азимжан Аскаров болгон соттолуучулардын акыйкат соттолуусу талап кылынды. Апеляциялык сот Аскаровду үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен аны өмүр бою эркинен ажыраткан райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырганын эске салып, ЕККУнун өкүлү сот жараяны учурунда жабырлануучулар тарабынан айыпталуучулар менен бирге алардын адвокаттарына күч колдонулганы, адвокаттар коркутулганы, бул июнь капсалаңы боюнча өзгөчө өзбөк тегиндегилер соттолгон сот жараяндарына да таасирин тийгизип келгенин билдирет.

Түркияда чыгуучу Star гезити, Президент Ислам Каримов “Өзбекстандын парламентинин жогорку палатасы - Сенат жана төмөнкү палатасы мыйзам чыгаруу кеңешинин чогуу өткөргөн кезектеги жыйынында өлкөдө парламентардык системага өтүүнү сунуш кылды” деген кабарын жарыялады. Кабарда көрсөтүлүшү боюнча Каримовдун ал сунушу сенатор жана депутаттардын колдоосуно ээ болгон.

Түркиялык VATAN гезити “Нурсултан Назарбаевге Тынчтыктын Нобел сыйлыгы берилүүсү керек” деген “Түрк дүйнөсү медиа кызматкерлери платформасынын” (Тürk Dünyası Basın Mensupları Platformu) секретарияты тарабынан жарыяланган билдирүүнү окурмандар менен тең бөлүштү. Билдирүүдө “Казакстан президенти Назарбаев эгемендүүлүк жарыяланардан алдың, 1990-жылдын 29-август күнү бир учурда дүйнөнүн эң ири өзөктүк курал сыноо жайы болгон Семей полигонун жабуу тууралуу токтом бекитти. Ал бул аркылуу дүйнө жүзүндө өзөктүк курал сыноолорун токтотуу аракетининин чыйырын салып, СССРдин ыдырашынан кийин дүйнөнүн 4-чоң ядролук күчү болгонуно карабастан Казакстан 1995-жылда бул мурасты четке кагып, өзөктүк куралдан өз ыктыяры менен кечкен дүйнөдөгү алгачкы өлкө болду” делинип Назарбаевге Тынчтыктын Нобел сыйлыгынын берилүүсү сунуш кылынган.

Eurasia View интернет баракчасы жарыялаган бир макаласында “Манастагы” америкалык транзит борборун күйүүчү май менен тейлөө келишиминин дагы бир жылга Мина корпорацияга берилиши жана ага Кыргыз жетекчилигинин нааразычылыгы маселесине дагы бир жолу кайрылган. Баракчада чыккан экинчи макалада болсо Өзбекстанда пахта талааларында балдардын эмгегинен пайдалануу маселеси талдоого алынып, Германиянын адам укуктары боюнча федералдык комиссары Маркус Лөнингдүн бул проблеманы иликтеп чыгуусун суранып, Эл аралык жумуш уюму - ILOнун адресине жасаган кайрылуусун жарыялаган.
XS
SM
MD
LG