Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Чочко тумоосунан кантип сактанабыз?


Казакстан: аэропортто кызматкерлер маска кийип иштеп жатышат. 30-июль, 2009-жыл
Казакстан: аэропортто кызматкерлер маска кийип иштеп жатышат. 30-июль, 2009-жыл

Чочко тумоосу деген эмне экенин жана андан кантип сактанууга болоору тууралуу суроолорго голландиялык вирусолог Алберт Оберхаус жооп берет.

- Чочко тумоосу бул адатта чочкого жуккан вирустун дагы башка вирустар менен аралашмасы деп айтсак туура болобу?

- Чочко тумоосу, Мексикалык тумоо, же Эйч1 Эн1 вирусунун жаңы түрү чочкого жуккан ар кыл вирустардын аралашмасынан чыккан деп саналат. Ал адамга өткөндөн кийин адамдан адамга өтө оңой жугат. Ошондуктан ал эпидемия, пандемага алып келиши мүмкүн.

- Бул оору кимге айрыкча коркунуч келтирет?

- Адатта сасык тумоо улгайган жаштагы адамдарга айрыкча коркунучтуу болот. Бирок бул ооруга 65 жаштан улуулар жакшы эле туруштук беришет экен. Ал эми эски оорусу барлар, башка иммунитети начар, астма менен ооругандар, кош бойлуу аялдар, ашыкча толуп кеткен адамдар сак болушу керек. Ошондой эле 5тен өйдө жаштагы балдар менен 35ке чейинки жаш адамдарга коркунуч күчтүү экендиги байкалууда.

- Жаңы вируска чалдыкканын адам кантип билсе болот?

- Симптомдору кадимки тумоого эле окшош, эт ысып, дем алуу кыйындайт, тамак ооруп, чыйрыктырат. Беш-алты-жети күн төшөктө жатып калышыңыз мүмкүн, анан дагы 1-2 жума сакая албайт. Чочко сасык тумоосу тез тарап жаткан аймакта жашагандар, же андай аймактан келген адамга жолуккандар кадимки гриптин симпотомдорун байкаганда чочко сасык тумоосуна чалдыккан жокмунбу деп шектениши керек.

- Бул оорудан кантип сактаныш керек, аны менен кантип күрөшөт? Ооруп калган адамды кадимки грипке каршы дары менен дарыласа болобу?

- Вирус көбөйүп, тарап жаткан аймакта жашагандарга бул оорудан сактануу дайым эле мүмкүн эмес. Албетте медициналык кийлигишүү жардам бериши мүмкүн. Бирок ал баштапкы баскычта гана жардам берет. Экинчиден, бул ооруга каршы Тамифлю жана Реленза деп аталган вируска каршы дарыны колдонсо болот. Оорунун баштапкы симптомдору пайда болгонго чейин күтүп, анан дароо дары иче башташ керек, ошондо оору жеңил, тез өтүп кетет. Бирок бул ооруну акыр-аягында вакцина менен гана жеңүүгө болот болуш керек.

XS
SM
MD
LG