Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Кризистен сактанып, сарамжал болгула!


Францияда Кесиптик кошундар айлыктарды көтөрүүнү талап кылып, митинг өткөрүшкөн. 29-январь, 2009-ж.
Францияда Кесиптик кошундар айлыктарды көтөрүүнү талап кылып, митинг өткөрүшкөн. 29-январь, 2009-ж.

Германия менен Франциянын экономикасында төмөндөө токтоду. 13-августта жарыяланган маалыматка караганда, быйылкы 2-чейрек маалында бул эки өлкөнүн экономикасы рецессиядан чыгып, 0,3%дык өсүшкө жетишти.

Ушул эле мезгил ичинде Кытай экономикасынын өсүшү 8 пайызга чукулдап барып, 1-чейректегиден 3 эсе өйдө көтөрүлдү. АКШлык жетекчилер экономикадагы эң оор мезгил артта калды, эми оңолуу жолуна түшөбүз деп убада кылууда.

Франциянын каржы жана экономика министри Кристин Лагард бул көрсөткүч таптакыр күтүүсүз жаңылык болду, андан мурун 4 чейрек бою төмөндөп отурган француз экономикасы кайра оңолуу жагына бурулду, - деп билдирди. Быйылкы январдан мартка дейре экономикасы дээрлик 4%га төмөндөп кеткен Германияда да апрель, май, июнь ичинде кайра аз болсо да жогорулоо болорун алдын-ала айтуу кыйын эле.

Эксперттердин көбү рецессия, же экономикадагы туруктуу төмөндөө, дагы далайга созулат деп болжошкон эле. Евробиримдикке кирген экономикасы эң кубаттуу эки өлкө - Германия менен Франция минтип, акырындап бутка тура баштаганы менен, жалпы Шаркеттин ички дүң өндүрүшү 2-чейректе 0,1 пайызга төмөндөдү. Башкача айтканда, жалпы Евробиримдик экономикасы азырынча жайыраак болсо да төмөндөө жагында. Европа экономикасы боюнча эксперттер алгачкы жагымдуу көрсөткүчтөр болгону салык саясатындагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасы, ал канчага созулаары азырынча белгисиз, - деп эскертишет.

Европа комиссиясынын президенти Хосе Мануэль Баррозо глобалдык кризистен чыккандан кийин экономика баары бир мурункудай болбойт деп белгиледи.

- Алдыдагы алты ай биз үчүн келечек, жаңы экономикага даярданууга мүмкүндүк берет. Кризистен кийин экономика кайра мурдагыдай болбойт. Биз, европалыктар, абаны көмүр кычкылтеги менен булгаганды азайтып, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга үлүш кошпосок, өзүбүзгө эле кыйын болот. Керектөө маданиятыбызды кайра карап чыгып, жалпы дүйнөлүк көйгөйлөргө көңүл буруубуз зарыл.

Айрым адистер чындыгында глобалдык кризис өнүккөн Батышты үнөмдүү жашоого үйрөтө баштаганын жакшы жышаана катары кубатташат. Америка экономикасы көп жагынан керектөө активдүүлүгүнө көз каранды болгондуктан, ал жактагы адистер 2-чейректе кардарлар мурдагыдан көбүрөөк акча сарптаганын оң көрсөткүч катары баалашууда.

Дүйнөлүк кризис табына кирип турган чакта быйыл 8 пайыздай өсүш менен чыгаары күтүлүп жаткан Кытай экономикасы кантсе да, глобалдык жагдай акырындап калыбына келээринен үмүттөндүрөт дешет аналитиктер. Соңку расмий маалыматтарга ылайык, кытай калкынын орточо кирешеси 10%дын тегерегинде көбөйүп, эл турмушу жакшырып баратат.

Соңку беш ай ичинде товарлардын баасы улам төмөндөп отурду, бирок көпчүлүк өлкөлөрдүн кампалаын арзан товар менен толтурган Кытай экспорту быйыл былтыркыга караганда 20%дай төмөн болууда. Андан улам баарыбыз сарамжал оокат кылууга өтөт окшойбуз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG