Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:32

Аба ырайы: кар жаайт


"Кыргызгидрометтин" кабарлашынча, Кыргызстанда 13-декабрда башталган туруксуз аба ырайы 15-декабрда уланат.

Жекшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда суу кар жаашы мүмкүн.

15-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Бишкек шаарында 15-декабрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында кар жаашы күтүлөт, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG