Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Ноокаттык Акылбекке Америкада жолукканда...


Профессор Рысбек Абдылдаев "Азаттык" радиосунун Бишкек бюросунда, 2012-ж.
Профессор Рысбек Абдылдаев "Азаттык" радиосунун Бишкек бюросунда, 2012-ж.

Соңку жылдары илимий иштерине байланыштуу АКШда жашап жаткан белгилүү онколог, профессор Рысбек Абдылдаев жол сапарда кездешкен мекендеши тууралуу ой толгоосун бөлүшөт.

Мындан миллиондогон жылдар илгери Колорадо дарыясы жасаган жаратылыштын абдан кооз жерин, Гранд-Каньон Улуу Коктусун, Аризона штатын атайлап биз да кыдырып, суктанып келүүгө сапар тартып калдык. Гранд-Каньон тууралуу кыскача баяндай кетсем: Grand Canyon — дүйнөдөгү эң терең каньондордун бири. АКШнын Аризона штатында Колорадо дарыясынын алабында, Гранд-Каньон аттуу улуттук паркта, индеецтердин навахо, хавасупай жана хуалапай уруулары жердеген аймакта жайгашкан. Узундугу 446 чакырым, туурасы 6-29 км., тереңдиги 1800 метр. ЮНЕСКО уюму Гранд Каньонду Бүткүл дүйнөлүк адамзат мурасынын тизмесине киргизген.

Биздин сапарыбыз бир жумага жакын эле. Сан-Франциско, Калифорниядан баштап Невада, Аризона жана Юта штаттары аркылуу 3000 километр жолду басып өтүп, табигаттын кооздугуна суктанып отуруп чарчап кыйналганыбызды такыр сезбедик. Чарчабагандыгыбыздын себеби - заманбап жолдор жана кооз жерлер, дарыялар, тоолор, талаалар... Узак сапарда учураган жолоочулар.

Кайсы кана мамлекеттен адамдар келишпеген, ар кайсы тилде - англис, француз, жапон, кытай, немис жана башка тилдерде - бардыгыбыз жаратылыштын кооздугуна суктанып жаттык. Ар кимибиз ар-кайсы жактан атайлап келгенбиз, бизден кийин да миңдеген жылдар бою башкалар да келе беришет эмеспи. Дал ушундай кооз жаратылышка суктансын деп жараткан болсо керек адамдарды.

Мейманканаларда, туристтик борборлордо жана кафе-ресторандарда бизге кызмат кылышкандардын арбыны америкалык индеецтер болду, алардын кебете-келбеттери, сылыктыгы, меймандостугу менин айылдаштарыма абдан окшош, ошондуктан биз да колубуздан келишинче чын дилибизден ыраазычылык билдиргенге аракет кылдык. Ошентип, жолуккандар биздин сапарыбызды башкача арбытып, байытып жана кызык кылып жатты.

Аризона штатына Лас-Вегастан, Невада аркылуу жол жакын эле. Бир аз эс алып алалы деп жол четиндеги кафелердин бирине кирип калдык, аризоналыктар эмне тамакты баалашат экен деп сураштыра баштадык. Калифорнияда болсо кимдин гана тамак-аштары кезикпейт, себеби улуттук курамы жагынан абдан бай штат эмеспи. Бардыгы өзүнүн улуттук даам-татымдарын кошо ала келишкен.
АКШда жүргөн ноокаттык Акылбек темир тулпарынын жанында.
АКШда жүргөн ноокаттык Акылбек темир тулпарынын жанында.


Жолоочунун жолдогусу дегендей ар кимиси тамактанып да, мындан аркы сапарларын кызуу талкуулашып да жатышты. Биздин жаныбызда негизинен профессионал-шоопурлар, Американын ар-кайсы бурчунан жол тартып келаткандар эле. Жакынкы үстөлдө жашы 30-35ке келген шоопур жигит жалгыз тамактанып жаткан, колу кашыкты кармаса, кулагына илип койгон заманбап байланыш аспабы тынбай иште. Компаниясы менен жолдун маршрутун тактап, кезектеги барчу жерлерди макулдашып жатты. Тамак ичкиче беш-алты жерге байланышка чыкты, бардыгы менен англис тилинде чечишип жатып эле бир маалда кыргызча таза маектеше баштады. Бир азга ал жигиттин маегин укканга туура келди, ал досу менен бизнес тууралуу кеп кылып жатты. Биз дароо эле, "кыргызча" дегендей, маегине кыпчылып кире калдык: "Сен кыргызсыңбы?"деп. Жигит досуна "азыр кайра чалам, бул жерде кыргыздар бар экен" деди.

Ошентип биз капыстан жолуктурган жигит алыскы Ноокаттан экен, мурда ата-энеси менен Новосибирск шаарында, Орусияда жашаптыр. "Атым Акылбек, азыр Сиэтл шаарында, Вашингтон штатында турам. Трак (чоң жүк ташуучу унаа) айдайм бир топ жылдан бери, азыр Сакраментодон (Калифорния штаты) Чикаго аркылуу Нью-Йорк тарапка баратам" деди. Сылык жигит экен, эмгекчил жана ачык, "кээде тынбай 11-14 саат деле иштей берем" деп койду.

Компаниясында баалуу, жооптуу маршруттарды негизинен дал ушул Акылбекке тапшырышат экен. "Силер, кыргыздар - жакшы адамдарсыңар, чыдамкай жана эмгекчил экенсиңер" деп да баалашат деди. Кыргызымдын жигити мекенибизди алыскы Америкага эмгеги, элпектиги, сылыктыгы жана адамгерчилиги менен даңазалап жатканына ичибиз жылыды. Күнү-түнү тыным жок, суткалап жолдо болот экен, тонналаган баалуу жүк үчүн килейген жоопкерчилик мойнунда. Кайда гана болбосун кыргызмын деп сыймыктанат, "азыр Майкрософтто (Сиэтл) эки кыргыз жигит иштешет, жакшы кызматтарда. Сан-Францискодо IPhone компаниясында ондогон жаш кыргыз жигит бар дейт, туурабы, байке?" деп сурап калды. "Ооба, бир жигит эле эмес. Азыр мен билгени кыргыздын беш жаш жигити, эки кызыбыз Интернет технологиясынын борборунда (Силиконовая Долина) айфондун (Iphone) мээсине, ичи-кардына операция кылышат. Алардын жасаган иштерине америкалык жарандар абдан баа беришет. Apple, Google, Yahoo, LinkedIn, башка атактуу компанияларда кыргыз кыз-жигиттери эмгектенет" деп жооп узаттым.
Профессор Рысбек Абдылдаев Гранд-Каньон улуттук паркында.
Профессор Рысбек Абдылдаев Гранд-Каньон улуттук паркында.


Ушул сапарымдан кийин калың окурман, сиздерге атайын сунуш менен кайрылайын деп чечтим. "Азаттык" радиосу жана ушул интернет барагы аркылуу кыргыздарыбыздын алдыңкы кыз-жигиттерин ар кимибиз алыскы сапарлардан баян кылып туралы, туура десеңер, калкыбызга тааныштырып туралы. Акылбектин Аризона штатында тартып алган сүрөтү чыгып калса Бишкектеги ата-энеси, Ноокаттагы бир туугандары жана достору сыймык менен таанып калышаар беле.

Сапарың байсалдуу болсун, кыргызымдын мыкты жигити, Акылбек иним! Кайда жүрсөңөр да сак-саламатта, олжолуу болуңуздар, кыргызымдын алыскы жерлердеги, чет мамлекеттеги кыздары, жигиттери!

XS
SM
MD
LG