Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Ойлонбостон бойдон алдыруу опурталдуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Кыргызстанда төрөттөн 45 аял көз жумду. Ал эми боюнан алдыргандар 20 миңге жеткени калды. Саламаттык сактоо министрлиги "аборт өлкөдө көбүнчө катталбагандыктан, мындан да көп аялдар боюнан алдырышы мүмкүн" деп билдирүүдө.

Кыргызстанда бойдон алдыруунун кюритаж түрү дагы эле кеңири жайылган. Башкача айтканда, азыр миңдеген аялдар түйүлдүктү жатындан курч бычак менен кырдырууда. Ушундан улам ден соолугунан ажырагандар абдан көп.

2017-жылы өлкөдө расмий катталган аборттордун саны 19 486 болгон. Адистер расмий эмес маалыматтар мындан бир канча эсе көп болушу мүмкүн экенин белгилешет. Эң эле өкүнүчтүүсү - өлкөдө коопсуз бойдон алдыруу ишке ашпай, аялдарда аборттон кийинки ар түрдүү кыйынчылыктар, оорулар, ал тургай өлүмгө учураган окуялар катталууда.

Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылы бойдон алдыргандан кийин саламаттыгы кескин начарлаган эки аялдын өлүмүн каттаган. Канткенде өлкөдө коопсуз бойдон алдырууну камсыз кылса болот?

"Дарыгерлерге акча эле керек окшойт"

Азыр башка өлкөдө иштеп жүргөн Наргиза 2016-жылы Бишкекте 12 жумалык түйүлдүктү боюнан алдырып, андан кийин үч ай дарыланууга мажбур болгон. Ал үч айдан кийин да жакшы боло албай, жарым жылдан ашуун саламаттыгын калыбына келтирүүгө аргасыз болгонун эскерди:

- Мен ден соолугума байланыштуу аборт жасаткам. Менчик бейтапкананын дарыгерине 6 миң сом берген элем. Жакшы жасабай коюп, ичимде калдыктары калып, аябай кыйналдым. Көптө айыктым. Азыр турмуш шартыма байланыштуу Орусияда үй-бүлөм менен иштеп жүрөм. Бул жакта баары башкача экен. Жакында эле бир тааныш келин боюнан алдырды. Алгач аны дарыгерлер аябай текшерип, бардык анализдерди алып, андан кийин гана жасашты.

Ош шаарындагы үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча окутуучу, акушер-гинеколог Гүлбара Ташиева акыркы мезгилде бойдон алдыруудан кийин кыйналгандар өлүмгө учурап калып жатканын айтып, бойдон алдыруунун мөөнөтүн 22 жумага чейин узартуу боюнча мыйзам кабыл алынса бир топ жеңилдиктер болмок эле деген пикирде.

Гүлбара Ташиева.
Гүлбара Ташиева.

- Тилекке каршы, бойдон түшүрүүчү дарыларды өз алдынча дарыканадан же колдон алып эле ичип алып жүргөндөр көп кездешет, - дейт ал. - Бул дарылар кош бойлуулуктун мөөнөтү чоң болсо аябай зыян. Алардын зыянын билбей ичип, кабылдап кетип келгендер арбын. Эгер аялдарга 22 жумага чейин аборт кылууга уруксат берген мыйзам чыкса, ишибиз бир топ жеңилдемек деп ойлойм. Өз каалоосу менен алдырганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жакшы. Азыр, маселен, аял өз эрки менен 12 жумага чейин эле алдыра алат. Көптөрү чоңойгуча жүрө берип, төрөргө аз калганда анан “боюмдан алдырам” деп келишет же өз алдынча аракет кылып, кесепети оор болот.

Жаштар көп жасатат

Адистердин айтымында, аборт жыл сайын азайбай эле көбөйүп, өлкөдө статистиканы аныктоочу бирдиктүү система жок болгондуктан кооптуу учурлар көп болуп жатат. Эң эле өкүнүчтүүсү - мындай кооптуу операцияларга төрөт жашындагы аялдар көп барууда. Жалпы боюнан алдыргандардын ичинен 25-29 жаш аралыгындагылар басымдуулук кылат.

Ош облустук тукум улоо борборунун директору Абдасбек Эшбаев кырдаалга мындайча баа берди:

Абдасбек Эшбаев.
Абдасбек Эшбаев.

- Жылдан-жылга эле төрөт жашындагы аялдардын арасында бойдон алдыруу азайбай жатат да. Азыркы биздин башкы көйгөйүбүз коопсуз бойдон алдыруунун өлкө боюнча жалпы стандарттарын иштеп чыгуу болуп турат. Бизде кюритаж жолу менен аборт жасоо жайылган эле. Ал аялдын саламаттыгына абдан эле кооптуу. Анткени операция болуп жатпайбы. Азыр дарынын жардамы менен бойдон алдырууга өтүү маселеси каралып жатат. Себеби дары коопсуз, ал эми операция учурунда жатынды курч аспаптар менен кырышат да.

Дал ушул кюритаж ыкмасы өнүккөн өлкөлөрдө толугу менен тыйылган. Анын зыяны көп, саламаттыкка тийгизген залакалары оор болорун Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева да эскертет. Бирок өлкөдө аборттун көбү азыр ушул ыкма менен ишке ашат. Эң эле кооптуусу - эч кандай текшерүүдөн өтпөгөн, уруксаты жок жеке менчик гинекологдордун кабинетинен жасалган аборттордун статистикасын алуу азыр кыйын болуп турат.

Раиса Асылбашева.
Раиса Асылбашева.

- Азыр эми “Саламаттык сактоо министрлигинин бардык маалыматы электрондук кампага чогулушу керек, электрондук кызмат көрсөтүү” деп жатпайбызбы. Аборттордун да статистикасын биз билишибиз керек, республика боюнча канча жасалып жатканын тактай албай жатпайбызбы. Ким каяктан жасатып жатканы белгисиз. Ушундан улам аборттон өлгөндөр да бар. Былтыр эки аял боюнан алдыргандан кийин саламаттыгы начарлап, каза болуп калды. Бул расмий эле маалымат. Расмий эмесин тактоо мүмкүн эмес болуп жатат. Боюнан алдыргысы келген аял министрликтен атайын уруксат алган, кесипкөй гана адиске кайрылышы керек. Менчик клиникаларды биз көзөмөлдөй албайбыз. Сөзсүз “Сертификатың, уруксат кагазың барбы?” деп сураш керек. Ал уруксат кагаздарын дарыгерлер атайын билимин жогорулаткандан кийин гана алышат. Бизде каттоого турушат. Каттоого турган дарыгердин жоопкерчилигин биз кийин текшере алабыз, - дейт Раиса Асылбашева.​

Жатынды кырганды токтотуш керек

Коопсуз абортту ишке ашыруу үчүн өлкө эмнеге муктаж экенин жана жатынды курч бычак менен кырып тазалоонун кесепети кандай болорун саламаттык боюнча эксперт Бермет Барктабасова айтып берди:

Бермет Барктабасова.
Бермет Барктабасова.

- Кюритаж - Советтер Союзу учурунан бери эле, 70 жыл бою колдонулуп келген ыкма. Аны менен тазалоо учурунда аялдын жатынын тешип алган учурлар да болот. Курч бычак менен жатындагы түйүлдүктү кырып алып жатканда кокус бычак тайып кетсе жатын тешилип, андан чыккан суюктук аялдын ички органдарына куюлуп, ичи ириңдеп өлүмгө учурагандар, жатындан кан токтобой агып, каза болгондор катталып эле жатпайбы. Коопсуз аборттун түрлөрү мурдатан эле жайылган. Бирок бизге кеңири жайылбай жатат. Эмнеге? Анткени ошол бойдон алуучу дарылар жетишсиз, ийнелер жок, ийненин башына такчу жабдуулар жок. Эң эле негизгиси - адистерибиздин билими жок.

Дарыгерлер Кыргызстанда сапаты текшерилген, атайын уруксат кагаздары бар гана дары-дармектер менен бойдон алдырыш керек экенин, бирок эң негизгиси - аялдарга кош бойлуулукту пландоону үйрөтүү зарылдыгын эскертишет.

Жең ичинен сатылган, уруксатсыз дарылар менен жеке менчик клиникалардагы аборттор аялдардын саламаттыгына кооптуу кесепеттерди алып келери Бишкекте өткөн коопсуз бойдон алдырууга шарт түзүү боюнча жыйында да айтылды.

Заманбап медицинада коопсуз бойдон алдырууга бардык шарттар түзүлгөнү менен жыл сайын 22 миллион аял дүйнөдө коркунучтуу ыкмалар менен кош бойлуулугун токтотот. Ушундан улам эне өлүмү азайбай келет. Кыргызстандагы эне өлүмүнүн көрсөткүчү Казакстандан 6,3 эсе, Тажикстандан 2,4 эсе, Өзбекстандан 2,1 эсе көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG