Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Ооганстан талибдерге өкүл жиберет


Катар -- Талибандын Дохадагы кеңсеси. 18-июнь, 2013.
Катар -- Талибандын Дохадагы кеңсеси. 18-июнь, 2013.

Ооган өкмөтү талибдер менен сүйлөшүүгө делегация жиберүүгө макул болду. Буга чейин расмий Кабул Дохада ачылган кеңсесинде талибдер өз желеги менен өлкөнүн эски аталышын пайдаланып жаткандыгына түшүндүрмө талап кылган эле. Кошмо Штаттары ага чейин талибдер өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбаса, алардын кеңсеси жабылып калышы мүмкүн экендигин эскерткен.

Ооган өкмөтү талибдер менен сүйлөшүүгө макул, бирок алды менен бул уюшманын Катарда ачкан кеңсесине байланышкан суроолорго жооп алууну каалайт.

2001-жылдагы АКШ баштаган күчтөр басып киргенде бийликтен кулаган ооган талибдери өткөн аптада Доха шаарында өз кеңсесин ачкандан кийин, ооган өкмөтү мына ушундай катаал билдирүү жасаган эле.

Кабул бийликтери 2014-жылы эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин АКШга өз аскерлерин калтырууга мүмкүндүк ачуучу коопсуздук сүйлөшүүсүн токтотуп коёрун да эскерткен.

АКШнын атайын элчиси Жеймс Доббинс дүйшөмбү күнү Кабулга келип, ооган бийликтери менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин, президент Карзайдын өкмөтү Дохага өз делегациясын жиберүүгө даяр экендигин "Азаттыктын" ооган кызматы кабарлады.

12 жылдан бери согушун токтотпогон талибдер өткөн аптада Дохада өз кеңсесин расмий ачкан болгондо да, кеңсесинин алдында бийликте тургандагы ак желегин желбиретип, ошол кездеги Ооганстандын аталышын жазып алган.

Талибдер өз желегин жана «Исламдык Ооганстан Эмираты» деген эски аталышты «Катар өкмөтүнүн макулдугу менен» колдонуп жаткандыгын шардана кылган.

Бул Кабулду катуу шекшинтти, себеби ооган өкмөтү АКШ менен ачык сүйлөшүүгө өткөн талибдерди дипломатиялык таанууга жол ачылууда деп кооптонууда.

Өкмөттүн маалымат катчысы жекшембиде Кабул талибдердин Дохадагы иш-аракеттери алардын «дипломатиялык кайра жаралуусун» билдирбейт деген ишендирмеге муктаж экендигин билдирди.

Ошол эле убакта бул күнү талиб кеңсесинин сыртында алардын ак желеги көрүнбөгөнүн "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги маалымдады.

Ооган өкмөтү менен талибдерди элдештирүү милдетин аркалган америкалык атайын элчи Доббинс Кабулга чейин жекшембиде Дохада болгон эле, бирок андагы жолугушуулардын аки-чүкүсү маалымдалган эмес.

Андан бир күн мурда АКШнын Мамлекеттик актчысы Жонн Керри байрак жана эски аталыш боюнча Кабулдун тынчсыздануусу жөнгөрүлбөсө, Талибан Дохадагы кеңсесин жабууга мажбур болушу мүмкүн экендигин эскерткен.

Керри ошондой эле талибдерди Кабул өкмөтү менен сүйлөшүү баштоого чын дилден киришүүгө чакырган.

Ал арада Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи тынчтык сүйлөшүүсүндөгү АКШнын ролун четке кагып, ооган фракциялары өз араларында ынтымакташса гана, өлкөдө тынччылык болушу мүмкүн экендигин эскертти.

Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүсү бир нече жылдан бери жүрүп келет, бирок алымдуу жылыш байкала элек. Байкоочулар мунун себебин башкы оюнчулар ортосунда ишенимдин жоктугунан көрүшүүдө.

Талибдер убагында Ооганстанда нагыз бийлик АКШнын колунда экендигин айтып, президент Хамид Карзайдын өкмөтү менен сүйлөшүүдөн баш тартканы маалым.

Кошмо Штаттары башында талибдер менен көмүскө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Эми минтип, талибдер англисче сүйлөгөн пресс-катчысы аркылуу билдирүүлөрдү жасап, өз кеңсесин ачып, америкалыктар менен тең ата сүйлөшүүгө өтүштү.

Дүйшөмбү күнү Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон Ооганстандын келечегин кепилдөө үчүн, келечектүү стратегияны иштеп чыгуу өтө маанилүү маселе экендигин белгиледи.

Ал эми бул күнү Индияда жүргөн АКШнын Мамлекеттик Катчысы Жонн Кэрри бул өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен чет элдик аскерлердин басымдуу бөлүгү чыгарылгандан кийин Ооганстанда кандай болуп кетет деген Индиянын тынчсыздануусун жана аймакта Нью-Делинин ролун кеңейтүү тууралуу сүйлөшөөрү кабарланган.

Индияга жекшемби күнү үч күнгө келген Кэрри Ооганстандагы тынчтыктын келечеги дагы узак мезгил ара жолдо болоорун белгилеп, кайрадан эл аралык терроризмди калкалаган өлкөгө айланып калышына Ооганстан жол бере албайт деди.

XS
SM
MD
LG