Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ооган учкучу НАТОнун аскерлерин атып салды


Ооган аба күчтөрүнүн Кабулдагы базасы
Ооган аба күчтөрүнүн Кабулдагы базасы

Ооганстанда НАТО жетекчилигиндеги аскерлер менен ооган армиясынын өкүлү ортосунда дагы бир атышуу болду. Андан тогуз адам өлгөнү тастыкталды.

НАТОнун расмий өкүлдөрү окуя шаршембиде Кабулдагы эл аралык аба майданына жакын жердеги машыгуу борборунда болгонун кабарлашты. Ооган учкучу коалициялык күчтөргө ок чыгарганда сегиз адам жана келишим менен иштеген бир киши көз жумган.

Эң кандуу чабуул

Муну ооган бийликтери жергиликтүү аскерлер коалициядагы өздөрүнүн өнөктөштөрүнө каршы ок ачкандагы эң оор жоготуу катары аташууда. НАТО курман болгон сегиз аскердин улуту тууралуу маалыматты ачыктай элек.

Кабул полициясынын башчысынын орун басары, генерал Дауд Амин “Азаттыкка” айтканына караганда, ооган учкучу менен коалициялык күчтөрдүн офицери уруша кетишкен.

Алар экөө тең ооган аба күчтөрү корпусунун баш-кеңсесинде болушкан. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандарга караганда, ал учкуч көп жылдык тажрыйбасы бар мыкты адис болчу жана атышууда өзү да мерт болду.

Бирок талиптер чабуулду биз жасадык деп, ал ооган учкучу эмей эле, аскер кийимчен талип тыңчысы дешти.

Ооган аба күчтөрүнүн расмий өкүлүнүн айтымында, атышуу корпустун ичиндеги бөлмөдө болгон. Ок атыла баштаганда андагы аскерлер эшикке карай качышкан, айрымдары жанын сактап калыш үчүн терезелерден секиргенин айтышты. Беш ооган аскери жаракат алды.

Кол салуу көбөйдү

Ооган аскерлериби же алардын униформасын кийип алган козголоңчуларбы, айтор, коалициялык күчтөргө кол салган учурлар соңку кездери тез-тез кайталанып жатат. Ушул жыл башынан бери эле жети ирет чабуул болду. Аларда ооган аскерлери да көз жумушат.

18-апрелдеги чабуулда кеминде эки ооган аскери курман болгон, дагы жетөө жаракат алган. Аны да талиптер “биздин тыңчыбыздын кылганы” дешкен эле.

Эки күн мурда Ооганстандын Коргоо министрлиги ооган аскериндей болуп кийинип алган жанкечти өзүн жардырганда беш чет өлкөлүк аскер көз жумганын кабарлаган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG