Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Ашраф Гани өлкөсүн биримдикке чакырды


Хазар улутундагылардын өлтүрүлүшү массалык жүрүшкө себеп болду.
Хазар улутундагылардын өлтүрүлүшү массалык жүрүшкө себеп болду.

Ооганстандын Пакистан менен чектеш Аргандаб районунда этникалык хазарлардын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү ашкере болгондон кийин Кабулда миңдеген адамдар каршылык акциясына чыгышты.

Өлтүрүлгөн жети адамдын табытын кошо көтөрүп чыккандар өлкөдө коопсуздукту камсыз кылчу өкмөт түзүүгө чакырык таштап, президент Ашраф Гани менен өкмөт башчы Абдулла Абдулланын кызматтан кетишин талап кылышты.

Толкуган эл Кабулдагы президенттик сарайды курчаган темир тордон секирип өтүүгө аракет кылганда алардын жолун бууш үчүн ооган күч түзүмдөрү абага ок чыгарууга аргасыз болду. Миңдеген нааразы атуулдар 6-ноябрда өлтүрүлгөн төрт эркек, эки аял жана бир хазар наристенин өлүмүн бийлик дагы жымсалдап коет дешип, нааразылык жүрүшүнө чыгышкан. Ооганстан президенти Ашраф Гани мамлекеттик телеканалдан калкка кайрылып, кара ниеттер Ооганстанды майдалап, бөлүп-жарып жок кылууга аракет кылганын, мындай учурда ооган эли биримдикти көрсөтүшү керектигин белгиледи:

- Бул үрөйдү учурган окуядан кийин мен расмийлерге муну ишке ашыргандардын ким экенин аныктап, алардын баарын кармап, кылмыш ишин козгоп, жоопко тартууга буйрук бердим, - деди Гани.

11-ноябрь күнкү массалык толкундоо учурунда сегиз киши жаракат алганы маалымдалууда. Жүрүшкө чыккандар "Ислам мамлекети" радикал тобу өлтүрдү деген жети хазар улутундагы адамдын сөөгүн табыттарга салышып, митингде көтөрүп жүрүштү. Нааразы болгондордун бири Эсад Али:

- Өлкөбүздө мындан ары ушундай окуялар кайталанбасын деп биз көтөрүлүшкө чыктык. Мындай жырткычтыкка бир да дин, анын ичинде Ислам жол бербейт. Биз бийликти сындабайбыз, андан бардык атуулдарыбызга адилеттикти сурайбыз, - деди.

“Террорчулукка өлүм!” деп кыйкыргандар талиптер менен “Ислам мамлекети” тобун жок кылууну, президент Ашраф Ганини жана мамлекеттик жетекчилердин бири Абдуллах Абдуллахтын кызматтан чегинүүсүн талап кылышты. Демонстранттар өкмөттөгү бул эки чоң аткаминерлер бийликти бөлүшө албай, өлкөдөгү согушкерлердин тирешүүсү келип чыгууда деген пикирде. Алардын бири Муса аттуу киши “Азаттыкка”:

- Пуштундар, хазарлар, өзбектер, Ооганстанда жашаган бардык улуттар мекенин сүйөт. Биз Ооганстанды сүйөбүз, - деди.

Быйыл Ооганстандагы шийи тобуна кирген хазар коомчулугуна каршы зомбулуктар күчөп, алардын бир нечесин барымтага алышып, өлтүрүп койгон учурлар катталууда. 7-ноябрь күнү өлтүрүлгөн төрт эркек, эки аял жана бир хазар баланын сөөгү акыркы мезгилде талиптер көп кол салып жаткан түштүк-чыгыштагы Забул провинциясынан табылды. Маркумдар алты ай мурда Газни аймагынан барымталанган эле.

Жергиликтүү расмийлер талиптер бул окуяга катышы бар деп, “Ислам мамлекети” тобунун сегиз согушкерин асканын кабарлашкан. Бирок Ооганстандын чалгындоо агенттиги маалыматты четке какты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Николас Хейсом расмий билдирүү таркатып, окуяны согуштук кылмыш катары баалады.

Исламдын шийи багытын карманган хазарлар 30 миллион ооган калкынынын 10 пайызын түзөт.

БУУнун маалыматына ылайык, 2015-жылдын биринчи жарымындагы кагылышууларда Ооганстанда жалпысы бир жарым миңдей жай тургун набыт болуп, 3 миңдей адам жабыркаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG