Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Ооганстан: Суу ташыган балдар


Ооганстандын баш калаасы Кабулдун айрым бөлүктөрүндө балдар мектепке баргандын оордуна күндүзү бою суу ташыган менен убара.

Кабулдун четки райондорунун бири Акиби Силонун жаш балдары күндө таң эртелеп сууга чыгышат. Мектепке барыш деген жок. Анын оордуна кечке чейин балдар улам эшегине чака-флягаларды артып алып, суу ташымай менен алек. Кызыл-тазыл пластик чакаларын кулдуратып алып, алар тике көтөрүлгөн тар көчөлөрдөн чыгышы керек.

Сууга кезек да узун. Канистралары сууга толгондо эптеп аны эшекке артып, же башына көтөрүп алып, кайра тике көчөдөн ылдый же өйдө жөнөшөт.

"Эзилген" балалык

Алар жашаган конуш дөңдө жайгашкандыктан, суу чыкпайт. Балдар күн сайын муниципиалдык бийликтердин ишин аткарышууда. Буга конуштун тургундары зээни кейип турушканы менен башка айласы жок.

Чынында, жаш балдар оор ишке тартылган учур Акиби Силого эле тийиштүү деп айтыш да кыйын. Бирок жергиликтүү тургундар балдары мектептен билим албай, анын оордуна шаардык бийликтердин ишин аткарып жатышканына нааразы экенин айтышууда. Өзүн Анвар деп атаган инженер “Азаттыктын” ооган редакциясынын “Эл үнү” берүүсүнө кайрылды.

Жылдар бою созулган конфликт, жаратылыш кырсыктарынын айынан Кабулдун айрым бөлүктөрүндө суу өткөргүч система иштен чыккан.
“Акиби Силодо жашагандарда суу жок. Балдар, кыздар чакаларын көтөрүп алып, үймө-үй суу сурап жүрүшөт. Алар өлүмдөн качыш үчүн ушинтип суу издеп чыгышты да”, - деп зээни кейип телефон чалган экен.

Кабулда түрдүү проблемалар жөнүндө журналисттерге арыздангандар көп, адатта алар чечилбей эле калат. Арызданып жүргөндөр деле жакшы билип калышты – баш калаада түрдүү коомдук кызматтарды аткарышы керек болгон толгон-токой агенттик бар, бирок алардын ортосунда байланыш жок, кимиси эмне үчүн жооптуу экенин эл да жакшы биле бербейт.

"Сөз берем"

Ооган редакциябыздын “Эл үнү” берүүсүн даярдаган кабарчылар элдерден уккан арыздарга карата бийликтерден жооп ала албай, далай кыйынчылыктарды баштан кечирип келет. Бирок бул ирет алар Анвардын кабарына жооп алыш үчүн мэрияга кайрылып, мэрдин өзү менен сүйлөшө алышты.

Мэр Юнус Навандиш жакында суу ташый турган кызмат ишке киргенин айтты, бирок ал мэрияга баш ийбейт экен.

“Суу жеткирүү жана канализация кызматтары, адатта, мэрияга баш ийиши керек. Бирок, тилекке каршы, Кабулда андай эмес, - деди ал “Азаттыкка”. - Ошон үчүн бизде кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок келечекте бул проблема чечилет го деп эле үмүт кылып турабыз”.

Таң эртелеп суу бар жерде жаш балдардын кезегин көрүүгө болот
Азыр сууну элге жеткирмей болуп жаткан ишкананын атын, чындап айтканда, мэр да билбейт экен. Ал ошол ишкана каерде жайгашканын да айталбады. Бирок дөңдөгү конуштун проблемасын өзү чечип берем деп убада кылды.

Ооганстандагы мамлекеттик түрдүү мекемелер ортосунда байланыш, кызматташтык деген дээрлик жок. Натыйжасы 2001-жылдан бери мекенине кайткан качкындар жыш отурукташып кеткен Кабулдан даана байкалат. Бул жерде коомдук кызматтарга талап соңку жылдары өтө күчөдү.

Кабулдун айланасындагы тоолуу конуштар эптеп там салып, үй куруп алайын деген колунда жок үй-бүлөлөргө толгон. Бирок ал жакка суу чыгарыш үчүн өтө күчтүү басымда иштечү түтүк керек. Айрым жерлерде мурда иштеп турган түтүктөрдүн көбү же таланып жок болгон, же такыр эле иштен чыккан, же түтүк деген асти болгон эмес.

Наристеге тагылган жүк

Балалуу үй-бүлөлөрдө сууга, албетте, балдары чыгат. Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары көбүнчө башкалар үчүн да суу ташыгычка айланышты.

Маселен, Зауддин атту киши азыр ден-соолугу начар болгондуктан суу ташый албай калганын, ошон үчүн сууну жаш балдардан сатып алаарын айтты.

Зауддиндин айтымында, суу таза эмес, аны кайнатып туруп гана ичишет.

Балдар эртеден кечке суу ташып тапкан акчасы деле ич жылытарлык эмес. Миваиз, маселен, суу ташып, болгону бир жарты нанга жетерлик акча табат. Бирок ошол да анын үй-бүлөсү үчүн манилүү. Ошон үчүн кайра эле күн сайын чакаларын кылдыратып алып сууга жөнөгөнгө мажбур.

“Биздин үйдө эч ким иштебейт, - дейт ал. - Бүт нерсе кымбат: күрүч, отун. Ошон үчүн мен мектепти таштап койдум. Азыр эшегим менен иштеп жатабыз”.

Мирваиз мектепке барбай койгонуна көп болду. Көп нерседен артта калды. Ал кайра мектепке барайын деген ойдон да түңүлүп калгандай сезилет. Суу ташып жүрүп, бир күн көчөдө машине уруп кеткен экен. Колу сынып, бели катуу ооруп калган. Бирок көпкө жата албаптыр. Бүгүн ал эшегин жетелеп алып, кайра эле тырмалаңдап суу ташыганы чыкты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG