Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Карзай: Баграмды ооган бийлиги өз көзөмөлүнө алат


Баграм түрмөсүндө отурган айыпкерлер
Баграм түрмөсүндө отурган айыпкерлер

Ооганстанда президент Карзай АКШ иштеткен Баграм түрмөсү биротоло ооган бийликтеринин көзөмөлүнө өтүп жатканын жарыялады.

Баш калаа Кабулдун жанындагы бул түрмөнүн айланасында Вашингтон менен бир топтон бери талаш болуп келген эле.

Шаршембиде сүйлөгөн сөзүндө президент Хамид Карзай Баграмды америкалыктардан өткөрүп алуу багытындагы ооган өкмөтүнүн көп жылдардан берки аракети акыры өз жемишин берип, бул иш келерки жумада жыйынтыкталып жаткандыгын бышыктады:

– Бул түрмөдө көптөгөн бейкүнөө адамдар узак убактан бери зарыгып отурганын билебиз. Күтүлгөн ар кандай сын пикирге карабастан, мен аларды бошотууга буйрук чыгарам, акыры алар үйлөрүнө кайта алышат. Бирок оогандарды атып, же бомба жардырууга тиешеси барлар өз жазасын алышат.

Былтыр Карзай Кошмо Штаттарын Багдамдагы үч миңден ашык айыпкерди ооган бийликтерине өткөрүп берүү тууралуу келишимди бузат деп айыптаган. Оогандар бул ишти Ооганстандын өз алдынчалыгын аныктоочу маанилүү маселелердин бири деп эсептешет.

Карзай ошондой эле жергиликтүү коопсуздук күчтөрү ооган жарандары кыйноого туш келген учурларды токтотот деп ишендирди:

– Бүгүн мен Ооганстандын элине алар өз үйлөрүндө коопсуз жашай алышат деп убада берем. Мыйзам кылмышкерлерге карата гана колдонулуш керек эмес. Мен оогандарды эгер андай зөөкүрлүк болсо, парламентке кайрылып, үнүн бийик чыгарууга чакырам. Биз жергиликтүү органдардагы зөөкүрлүк, кыйноолорду токтотпосок, башкаларды токтото албайбыз.

Өкмөттүк иликтөөнүн натыйжасында, өткөн айда ооган күчтөрү көзөмөлдөгөн түрмөлөрдө уруп-сабоо, кыйноолор кеңири жайылгандыгы аныкталган эле. Бириккен улуттар уюмунун иликтөөсү да ушундай жыйынтык чыгарган, бирок ал кезде Кабул бийликтери андай кинени четке каккан эле.

Батыш өлкөлөрү ооган бийликтерин жергиликтүү күчтөрдүн зөөкүрдүгү тууралуу айыптоолорду иликтөөгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG