Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кабулда хазарлар көчөгө чыкты


Кабулдагы хазарлардын нааразылыгы.
Кабулдагы хазарлардын нааразылыгы.

Ооганстанда жогорку чыңалуудагы электр линиясын алып өтүү багыты өзгөрүшү хазар этникалык азчылыгынын нааразылыгын жаратты. Кабулда бүгүн нааразылыкка чыккан миңдеген хазарлар Түркмөнстандан тартылчу бул линия алгач белгиленгендей Бамиян аймагы аркылуу өтүшүн талап кылууда. Ооган бийлиги азырынча жергиликтүү элдин талабына үн ката элек.

Колдоруна өкмөткө каршы ар кандай жазууларды көтөрүп алган миңдеген хазарлар бүгүн Кабулдун көчөлөрүндө “Адилеттик, адилеттик, бизге адилеттик керек” деп кыйкырып жүрүштү. Алар баасы бир канча миллион долларды чапчыган 500 киловольттук электр линиясын куруу багыты өзгөрүп кеткенине нааразы.

Түркмөнстан менен Кабулду байланыштырган жогорку чыңалуудагы бул электр линиясын алгач негизинен хазарлар байырлаган Бамиян жана Вардак провинциялары аркылуу алып өтүү белгиленген. Бирок өкмөт кийинчерээк миллиондогон долларды үнөмдөө максатында Саланг бели аркылуу өтчү долбоорго алмаштырууну чечкен. Дал ушул чечим эми миңдеген хазарлардын нааразылыгына алып келди:

- Өкмөттүн электр линиясы өтчү алгачкы багытты өзгөртүп, аны Саланг аркылуу алып өтүү чечими бизди көчөгө чыгарды. Бүгүн бул жерге Ооганстандын ар кайсы бурчунан бийлик үнүбүздү уксун деген максатта келген адамдар чогулдук. Биз электр линиясы Бамиан аркылуу өтчү алгачкы багыт калышын каалайбыз, - дейт нааразылык акциясына чыккандардын бири Ходидад Сарвари.

Мындай нааразылыктан улам Кабулда көптөгөн дүкөндөр жабылды. Өкмөттүк мекемелер катуу кайтарууга алынды. АКШ элчилигинин консулдугу жана башка элчиликтер, Бириккен улуттар уюмунун тутумундагы мекемелер да тосулду.

Көчөлөргө полиция жайнап кетти. Бирок нааразылыкка чыккандар талабы аткарылмайын артка кайтар түрү жок. Алардын бири Мухаммад Наим:

- Эгер бийлик биздин талапты кабыл албаса Кабулдун көчөлөрүндө кыйкырып тура беребиз. Эл талабы аткарылмайын артка кайтпайт жана биз Ооганстандын президенти адилеттикти, этникалык азчылыктарды урматтабасын бүт дүйнөгө жеткирүү үчүн үнүбүздү дагы да катуулатабыз.

Ооганстандын ондогон провинцияларын электр энергиясы менен камсыздай турган бул линия ТУТАП деп аталган ири энергетикалык долбоордун бир бөлүгү. Анын аталышы долбоорго кошулчу өлкөлөр - Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын баш тамгаларынан алынган. Көпчүлүк бөлүгү Азия өнүктүрүү банкынан каржыланчу бул долбоор аталган беш өлкөнүн энергетикалык системаларынын кайсы бир бөлүктөрүн байланыштырат.

Ооган баш калаасын көздөй агылган дагы он миңдеген хазарлардын жолун тосуу үчүн полиция Кабулга кирчү негизги жолдорду жапты. Бийлик нааразылыкка чыккандар президенттик сарайдын алдына топтолуп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн ушундай кадамга барды. Бирок тосулган жерге чейин жеткен миңдеген адамдар да талаптары аткарылмайын арткка кайтпасын айтып, кыйкырып турушат. Ооган бийлиги азырынча алардын талаптарына байланыштуу үн ката элек.

Исламдын шийи багытын карманган хазарлар Ооганстандын 30 миллиондой калкынын 10 процентин түзөт. 3 миллионго жетпеген хазарлар саны боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турган этникалык топ.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG